Эки жылдан ашык убакыттан кийин Ливан жаңы президентин шайлады

9-январда Ливандын парламенти куралдуу күчтөрдүн командачысы генерал Жозеф Аунду көпчүлүк добуш менен өлкөнүн президенти кылып шайлады, деп билдирди Al-Ahed телеканалы.

Жакынкы Чыгыш республикасында президенттик кызмат 2022-жылдын октябрынан бери, мурдагы президент Мишель Аундун (жаңы президент менен фамилиясы уйкаш) ыйгарым укуктары аяктагандан бери бош турган. Бул мезгилде премьер-министр Нажиб Микати президенттик ыйгарым укуктарды аткарып келген.

Жозеф Аун президенттик кызматка экинчи аракетинде шайлана алды: биринчи турда ал шайлоо үчүн зарыл болгон 86 депутаттын (128 мандаттын ичинен) 71инин гана добушун алды, экинчи турда анын талапкерлиги үчүн 99 парламентарий добуш берди. Анын атаандаштары болгон эмес.

Парламент мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнөн кийин Ливандын жаңы шайланган президенти Жозеф Аун парламентарийлердин алдында ант берди.

Жозеф Аун деген ким?

Ливандын президенти Жозеф Аун 1964-жылы 10-январда Бейруттун чыгыш четиндеги Син эль-Филде төрөлгөн.

60 жаштагы Аун 2017-жылдын мартында армиянын башчысы болуп дайындалган жана 2024-жылдын январында кызматтан кетиши керек болчу, бирок анын мөөнөтү Израиль-Хезболла чатагы учурунда эки жолу узартылган.

Өзүнүн карьерасында ал Ливандын куралдуу күчтөрүндө бир нече негизги кызматтарды ээлеген, анын ичинде бригадаларды жетектөө жана өлкө аймагында терроризмге каршы стратегиясына катышкан. Колбашчы катары Аун куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн модернизациялоого жана жакшыртууга чоң салым кошкон.

Анын жетекчилиги астында Ливандын армиясы экстремисттик топторго каршы күрөшкө активдүү катышып, чек арадагы кырдаалды стабилдештирип, ички тартипти сактоо боюнча иштерди жүргүзгөн.

Президентти шайлоо тартиби

Ливандагы президенттик шайлоо процесси Конституция жана бийликти конфессиялык бөлүштүрүүгө негизделген өлкөнүн саясий системасынын өзгөчөлүктөрү менен жөнгө салынат. Президент 128 депутаттан турган парламент тарабынан алты жылдык мөөнөткө шайланат жана экинчи мөөнөткө катары менен кайра шайлана албайт.

Ливандын конституциясы өлкөнүн президенти христианин-маронит болушун талап кылат. Президентти шайлоо үчүн биринчи турда депутаттардын үчтөн экисинин, ал эми кийинки турларда абсолюттук көпчүлүктүн добушун алуусу керек.

Белгилей кетсек, Ливан 2019-жылдагы оор финансылык кризистин жана Израил менен болгон соңку согуштун кесепеттеринен дагы эле чыга элек. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Израиль армиясынын аракеттеринен Ливанга келтирилген зыян 8,5 миллиард долларды түздү.