Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израиль ок атышууну токтотуу жана Газа тилкесинде барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимге жетишти. Келишим 19-январда күчүнө кирет жана ага АКШ, Катар жана Египет кепил болот.
Келишим тууралуу
- ХАМАС менен Израиль макулдашууга жетишкенин ырасташты. Ал 19-январдан тарта күчүнө кирет жана үч этапты камтыйт. Макулдашуунун биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анда ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу, израилдик аскерлерди чыгарып кетүү жана жарадар болгон палестиналыктар эвакуациялоо ишке ашырылат. Биринчи этапта кийинки эки этаптын деталдары да макулдашылмакчы.
- ХАМАС келишимдин биринчи этабында барымтадагы 33 израилдикти бошоторун Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль Тани билдирди. Ал эми Израиль жооп катары жүздөгөн палестиналык туткундарды бошотот деп АКШ президенти Жо Байден билдирди. Ушул эле мезгилде, анын айтымында, барымтадагы бардык америкалыктар бошотулат.
- Египет, Катар жана АКШ бул этапта Газага керектүү көлөмдө гуманитардык жардамдардын жеткирилишин, тилкенин аймагында медициналык мекемелердин калыбына келтирилишин жана турак-жайлардын тургузулушун талап кылууда.
- Экинчи этапта Израилдин аскерлери Газадан толук чыгарылып, согуштун бүтүшү жарыяланышы керек. Ушул эле мезгилдин ичинде барымтада калгандардын бардыгы, анын ичинде израилдик эркек жоокерлер бошотулат.
- Макулдашуунун үчүнчү этабы анклавды калыбына келтирүүнүн башталышын камтыйт.
- Макулдашуунун үч этабында тең ок атышпоо режими күчүндө болот.
- Египет, Катар жана АКШ ок атышпоо келишиминин үч баскычында тең анын аткарылышына кепилдик беришет. Алар Каирде башкаруу механизмин түзүүнү макулдашты.
- Газа тилкесинде ок атышпоо келишимин бекитүү үчүн Израилдин коопсуздук кабинетинин жыйыны 16-январдын таңына белгиленген.
- 16-январда Каирде келишимдин бардык аспектилери боюнча аткарылышын талкуулоо үчүн жолугушуу болорун АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлү билдирди.
ХАМАС менен Израилдин билдирүүлөрү
- Газа тилкесиндеги палестиналык ХАМАС кыймылынын башчысы жана кыймылдын сүйлөшүү тобунун лидери Халил аль-Хейя анклав тургундарын келишимге жетиши менен куттуктап, бирок Израилге каршы туруу улантыла берерин убада кылды.
- ХАМАСтын билдирүүсүндө бул келишим Палестина элин бошотуу максаттарына жетүү үчүн маанилүү кадам болгонун белгиленет.
- Ал эми Израилдин президенти Ицхаак Герцог келишимди туура жана зарыл кадам деп атады.
- Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка Газа боюняча жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Дүйнө коомчулугунун реакциясы
- БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш келишимди кубаттап, дүйнөлүк уюм аны ишке ашырууну колдоого жана анклавдын тургундарына гуманитардык жардамды көбөйтүүгө даяр экенин кошумчалады.
- Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАС менен Израилдин ортосундагы келишимди кубаттап, ал аймакка пайда алып келет деген үмүтүн билдирди. Ал Түркия Газа тилкесин калыбына келтирүү жана калкына жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана каражаттарын мобилизацияларын кошумчалады. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги келишим туруктуу болушу керектигин билдирди.
- Франциянын президенти Эммануэль Макрон келишимди газалыктарга жеңилдик деп атады. Ал ошондой эле жаңжалды саясий жол менен чечүүгө чакырды.
- БУУнун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин башчысы Филипп Лазарини Газа тилкесине тез арада гуманитардык жардам жөнөтүүгө чакырды.
- Араб мамлекеттери лигасынын башкы катчысы Ахмед Абу аль-Гейт Палестина анклавына гуманитардык жардамдын максималдуу көлөмү уруксат берүүнү азыркы этаптагы артыкчылык деп атады.
- Иордания анклавды калыбына келтирүү аракетин баштоого чакырды.
- Түштүк Африка жана Венесуэла келишимди кубатташты.
- БУУнун Эл аралык миграция уюму Газа тилкесине гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.
- Мексика бул келишим жалпы тынчтыкка алып келерине ишеним артты.
Палестина-Израиль жаңжалы
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газадагы азыркы жаңжал 2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса бороону» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасагандан кийин башталган. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип, 200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.
Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштаган. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштаган. Израиль андан сырткары, Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулган. Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштаган.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Газада 45 миңден ашуун тургуну набыт болду. ХАМАСтын бир катар жогорку даражалуу лидерлери да өлтүрүлдү.