Кыргызстанда балдарга карата жаза күчөтүлдү. Эми кайгылуу окуялардын аягы тыйылабы?

Кыргызстанда балдарга жана майыптарга карата жыныстык кылмыштар үчүн жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ( Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 20-февралда кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 23-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам балдардын жана  майыптардын өмүрүнө, жыныстык кол тийбестигине болгон укуктарын кылмыштуу кол салуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Андан мурун, 18-февраль күнү президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектеп рэкетчилигинин, бейбаштыктын жана жашы жете электердин арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине арналган видеоконференц-байланыш форматында кеңешме болуп өткөн.

Жыйынга тармактык министрликтердин жетекчилери, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышкан.

Талкуунун негизги темасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде рэкетчилик, зордук-зомбулук, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнүн тынчсыздандыруучу тенденциялары боюнча жүргөн.

“Балдарды коргоо биздин жалпы милдетибиз. Биз өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүшүбүз керек”, – деген Эдил Байсалов. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлерде ушундай эле отурумдарды уюштуруу жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.

  • 21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.
  • 22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.
  • 8-февраль күнү Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактап, бычакталган өспүрүм ооруканага жаткырылганы милиция тарабынан кабарланды.
  • 12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм жашоо менен кош айтышкан.

Ал эми ушул жылдын 5-февралда Жети-Өгүз районундагы 2007-жылы туулган Барскоон айылындагы орто мектептин окуучусу жипке асынган абалда, мектептин спорт (күрөш) залынан табылган. Аны дене тарбия мугалими көрүп калып, жипти чечип өмүрүн сактап калууга аракет кылган. Тилекке каршы окуучу кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогон. Ал кечээ 19-февралда каза болгон.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештеги жыйынга катышып, мектеп окуучулары катышкан кайгылуу окуларга байланыштуу бир катар мектеп жетекчилери менен кошо кызматкерлер да жумушунан четтетилгенин билдирген.

“Балдарга зыян келиши өтө өкүнүчтүү окуя. № 72 мектептин кызматкерлери кызматтан кетти. Ал эми Кара-Сууда дагы жети киши кызматтан кетти. Бишкекте 106 мектеп видео көзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл”- деген министр.

Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын кабарлаган. Ал эми суицидге барган айрым балдар мектептеги чоңсунуунун (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганы тууралуу жакындары билдиришип, коомчулукта кызуу талкууланууда. Мындай кайгылуу окуялардын алдын алуу боюнча соц.тармактар аркылуу ар кандай пикирлер жаралып, сунуштар да болуп жатат.
ИИМ мындай кайгылуу окуялардын келип чыгышына балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөтөт.