Азыркы шартта эки тарап тең кырдаалды согушка жеткирүүгө кызыкдар эмес.
АКШ менен Ирандын жогорку жетекчилиги акыркы күндөрү бири-бирин коркутуулар менен алмашып жатышат. Дональд Трамп Иранды «мурда болуп көрбөгөн бомбалоолор» менен коркутуп, эгерде Иран жаңы өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштабаса, мындай аракеттер көрүлөрүн айтты. Ирандын Жогорку лидери буга жооп кылып, өлкө ага карата жасалган ар кандай аракетке тийиштүү жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.
Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы мындай саясий тирешүүлөр, балким, улана берет. Бирок бул эмнеге алып келиши мүмкүн?
гАКШ менен Ирандын ортосунда согуш болушу мүмкүн дегенден мурун, эки негизги жагдайга көңүл бурушубуз керек.
Биринчиси — АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп эл аралык мамилелерди түзүүдө өзгөчө ыкмага ээ. Ал аракеттерин катуу риторика, коркутуулар жана басым аркылуу баштайт.
Мунун максаты — өз администрациясы үчүн керектүү жеңилдиктерге жетишүү жана кээде ал максатына жетет.
Бирок Трамптын риторикасы жана коркутуулары көп учурда чыныгы негизге ээ эмес.
Иранга карата айтсак, мындай ыкма Тегеранга карата иштебейт. Иран өз позициясында бекем туруп, АКШ сыяктуу дүйнөлүк державалар менен мамилесин курчутууга да даяр. Өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал кагылышуудан качпашы мүмкүн.
Экинчиси — Иран Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук түзүмүнүн маанилүү катышуучусу. Бул мамлекетке каршы интервенция бүткүл аймактын кыйрашына алып келиши мүмкүн. Учурда АКШ Украинадагы согушта тартылып жатканы жана Азия-Тынч океан аймагында Кытайдын аскердик күчү өсүп жатканы үчүн, дагы бир чоң куралдуу жаңжалга аралашууга кызыкдар эмес. Андай согуш аймак менен эле чектелбей, кеңири масштабга айланып кетиши мүмкүн.
Ушунун баарын эске алганда, мен мындай согуштун болушу күмөн деп эсептейм. Бирок эгерде бул гипотетикалык сценарий ишке ашып калса, ал эмне менен аяктайт?

Гипотетикалык согуш: Түз кагылышуу же чыдамкайлык?
АКШнын Иранга сокку уруусу (бул, албетте, Израиль менен бирге жасалат) жооп иретинде Ирандын Жакынкы Чыгыштагы америкалык объекттерге жана Вашингтондун союздаштарына, биринчи кезекте Израиль жана Перс булуңунун монархияларына каршы чабуул менен коштолот.
Бул согушта Иранга Ирак, Ливан, Йемен сыяктуу региондо жайылган прокси күчтөрү жардам берет.
Ошондой эле аймактагы дестабилдүүлүк чектелбей, Түштүк жана Борбор Азияны да камтып кетиши мүмкүн.
Дүйнө жүзү боюнча радикализм жана терроризм деңгээли кескин өсүшү мүмкүн, анткени куралдуу жаңжалда тараптар экстремисттик топтордун потенциалын пайдаланып калууга аракет кылат.
Дүйнөлүк экономика да оор жоготууга учурайт. Бул гипотетикалык жаңжал аймагында дүйнөлүк соода үчүн маанилүү жол — Суэц каналы жайгашкан. Ал аркылуу күн сайын дүйнөлүк товарлардын чоң бөлүгү ташылат.
Согуш ошондой эле мунай жана газ бааларынын кескин кымбатташына алып келет, анткени конфликт болгон учурда дүйнөлүк базарга мунай ташуучу негизги жол — Ормуз кысыгы жабылышы мүмкүн.
Мындай сценарий өзөктүк куралды колдонуу ыктымалдыгын кескин жогорулатат. Бул болсо эл аралык аренада массалык кыргын салуучу куралдарды колдонбоо жана таратпоо багытындагы аракеттерге чоң сокку болот.
Мындай кырдаалда глобалдык туруктуулук кескин төмөндөйт, ишеним жоголот, ал эми эл аралык коопсуздук үчүн кырдаал өтө оор абалга келет.
Жогоруда айтылган факторлордун негизинде, менин оюмча, АКШ жана Иран бул согуштун кандай коркунучтуу кесепеттерге алып келерин түшүнүшөт жана ошондуктан өзүн карманып турушат. Азыркы шартта эч бир тарап кырдаалды согушка чейин жеткирүүгө кызыкдар эмес.
Автор: Мухаммад Шамсуддинов, саясий талдоочу, атайын Asia-Plus үчүн
Сүрөт: ca-irnews.com
Булак: Asia-Plus