Украинада дагы жарым миллион адамды мобилизациялоо сунушталды

Украинада дагы жарым миллион адамды мобилизациялоо сунушталды

Аскер кызматкерлери Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунушташты. Бул тууралуу украин лидери 19-декабрда маалымат жыйынында билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. «Алар (аскер кызматкерлери – ред.) кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунуш кылышты», – деди ал. Киев режиминин башчысы бул чечимди азырынча беките электигин, анткени алгач мобилизациялангандарды камсыздоо үчүн каражатты кайдан алууну түшүнүү, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн катарына чакырылгандардын эмгек өргүү маселесин чечүү керектигин айтты.  Ошондой эле аскерлерди демобилизациялоо маселеси дагы иштелип чыга…

Прочитайте больше

ЖМК: Израиль ХАМАСка согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштады

ЖМК: Израиль ХАМАСка согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштады

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылына туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштаганын, Axios порталы булактарга таянуу менен билдирди. Паорталдын маалыматы боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун жолун израилдик Моссаддын башчысы Дэвид Барнеа 40ка жакын туткунду бошотуу үчүн  сунуштаганын жазат. Алардын арасында 60 жаштан ашкан аялдар, эркектер жана тез арада медициналык жардамга муктаж адамдар бар. Сунуштун алкагында Израиль кеминде бир жумага убактылуу ок атышпоого макул болоорун билдиргенин, Axios жазды. Күн мурун Израилдин…

Прочитайте больше

Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн 59у “макул” болсо, бешөө “каршы” добуш берди. Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн Telegram-каналына жарыялады. Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон…

Прочитайте больше

Путин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жок

Путин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жок

Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жана кызыкчылыгы жок экенин билдири. Путин ВГТРКнын кабарчысы Павел Зарубинге берген маегинде АКШ президенти Жо Байдендин Украина жеңилсе, Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген сөзүнө жооп кайтарды. Ал бул сөздөрдү “нонсенс” деп атап, Байден өзү да муну түшүнөрүн айтты. “Орусия НАТО өлкөлөрү менен согушууга геосаясий да, экономикалык да, саясий да, аскердик да жактан кызыкдар эмес”, – деди Путин. Анын айтымында, Орусия НАТО өлкөлөрү…

Прочитайте больше

Путин Россияны Батыш кантип бөлүп-жарууну көздөгөнүн айтып берди

Путин Россияны Батыш кантип бөлүп-жарууну көздөгөнүн айтып берди

РФ лидери АКШдагы белгилүү саясий ишмер Збигнев Бжезинкийдин сөзүн мисал келтирген. Батыш Россияны майдалап бөлүп, өзүнө багындырып, ресурсун пайдалануу менен кыйроого учуратууну көздөгөн. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин “Россия 1” телеканалынын “Москва. Кремль. Путин” программасында билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин 2000-жылдардын башында дүйнө жүзү Россиянын өзгөргөнүн түшүндү деп ойлоп жаңылышканын, чындыгында Батыш СССР кыйрагандан кийин Россияны биротоло талкалоону көздөгөнүн белгилеген. Анын айтымында, калкы көп мындай өлкө Батышка керек эмес болчу. “Андан көрө…

Прочитайте больше

Кувейттин эмири 86 жашында көз жумду – монархияны эми ким башкарат?

Кувейттин эмири 86 жашында көз жумду – монархияны эми ким башкарат?

Кувейттин жаңы эмири мураскор ханзаада Мишаал аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах болду. Ал 86 жашында көз жумган башкаруучу Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын бир тууган иниси. Бул тууралуу Al Qabas басылмасы жазды. Жаңы дайындалган эмир 1940-жылы туулган. Мишаал өзүнүн үч бир тууганы – Наваф, Сабах жана Жабер сыяктуу эле эмир Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын (1921-1950-жылдары Кувейтти башкарган) уулу. Тиешелүү билдирүүнү Кувейттин телевидениеси аркылуу өкмөт башчынын орун басары, министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министр Исса аль-Кандари билдирди. Кувейттин Конституциясына ылайык, эмир…

Прочитайте больше

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы майрамы. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү бүт үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө майрамдашат. Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүшүнө көз каранды

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүшүнө көз каранды

30-ноябрдан 12-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаарларынын бири болгон Дубайда БУУнун климат боюнча жыл сайын өтүлүүчү конференциясы болуп өттү. Кыргызстан үчүн бул конференция тарыхый мааниге ээ жана тагдырды чечүүчү иш-чара болору шексиз. Себеби президент С. Жапаровдун тоо эко тутумунун маанилүүлүгү жана анын ролу, климаттын глобалдуу өзгөрүү шартында тоо регионунда жашаган калктын аярлуулугу, социалдык-экономикалык жыргалчылыгы жана ушул багытта диалогдун болушунун зарылдыгы туурасындагы жасаган кайрылуусу менен бирге кылган аракеттери колдоо эле таппастан, практика жүзүндө да иш…

Прочитайте больше

Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүк күнү

Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүк күнү

Бүгүн, 16-декабрда Казакстан эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. 1991-жылы 16-декабрда Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгү жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгын  Tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирди. Бул күндү майрамдоонун мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар. Себеби ал Казакстандын суверенитети жана элдин эркиндиги үчүн күрөшкөндөргө таазим кылуу болуп саналат. Дал ушул күнү, 1991-жылы 16-декабрда биздин республиканын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынган. “Түркия Казакстан СССРдин курамынан чыгуу тууралуу жарыя кылгандан бир нече саат өтөрү менен биздин өлкөнүн…

Прочитайте больше

Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” деген каймана ат менен белгилүү) диний кастыкты козутуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы Абдылдаев эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” соцтармактарында, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле…

Прочитайте больше

Украинада качан тынчтык орнойт? Путиндин жообу…

Украинада качан тынчтык орнойт? Путиндин жообу…

Украинага тынчтык Россия атайын аскердик операцияда өз максаттарына жеткенде орнойт. Бул тууралуу Владимир Путин 14-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйында элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Путиндин айтымында, атайын аскердик операциянын максаттары өзгөргөн жок: алар Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо, бейтарап статуска келтирүү. Эске салсак, Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Путин атайын аскердик операциянын негизги максаты Украинада денацификациялоо жана демилитаризация жүргүзүп, Донбасстагы геноцидге катыштыгы барларды сот жообуна тартуу керек деген. Белгилей кетсек, кечээ, 14-декабрда…

Прочитайте больше

АКШ Украинага мындан ары жардам бере албай тургандыгын билдирди

АКШ Украинага мындан ары жардам бере албай тургандыгын билдирди

Ак үй 2023-жылдын соңунда АКШ Украинага мындан ары жардам бере албай тургандыгын жарыялады. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы азыркыга чейин 2023-жылдын соңунан тартып Киевге америкалык Конгресстин жаңы каражат бөлүү тууралуу уруксатысыз жардам бере албай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн пресс-катчысы Карин Жан-Пьер билдиргендигин РИА Новости жазды. Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда ал АКШ администрациясынын Киевди аскердик жактан колдоого каражат түгөнгөндүгү тууралуу мурдагы божомолун кайталады. «Биз мурда айткандай, жылдын соңунда Украинага жардам бере албай калган кырдаалга…

Прочитайте больше

Иран менен Кыргызстанды контейнердик поезд байланыштырышы мүмкүн

Иран менен Кыргызстанды контейнердик поезд байланыштырышы мүмкүн

“Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, өлкөнүн экинчи Элдик Курултайында жасаган кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчысы, жаңы соода жолдоруна токтолуп, Кыргызстан уникалдуу соода магистралынын – Улуу Жибек жолунун каттамында жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашканын белгиледи. “Соода жолдорунда ыңгайлуу, географиялык жерди ээлөө менен биздин өлкө Чыгыш менен Батыштын ортосуна көпүрө боло алат”, – деди ал. Анын айтымында, бул максатта кургактагы жана…

Прочитайте больше

Экинчи Элдик курултай тууралуу

Экинчи Элдик курултай тууралуу

Бүгүн, 15-декабрь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Экинчи Элдик курултай башталды. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, өлкө аймактарынан жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда. Алгач Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, аймактардан шайланып келген делегаттардын ишине ийгилик каалады. “Бүгүнкү курултай Кыргызстандын соңку тарыхында 2023-жылы июль айында кабыл алынган Элдик курултай тууралуу Конституциялык мыйзамдын негизинде өлкөдө өтүп жаткан алгачкы курултай”, – деди мамлекеттик катчы. Экинчи Элдик курултайдын Улуттук…

Прочитайте больше

Иран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Иран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу чечимин  кабыл алды. Бул тууралуу 13-декабрда Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Эззатулла Заргами өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Заргаминин айтымында, Туризм министрлиги сунуштаган 68 өлкөнүн тизмеси өкмөттө каралып, акырында 33 өлкө менен бир тараптуу визаны жокко чыгаруу макулдашылган. Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат. Бирок…

Прочитайте больше
1 14 15 16 17 18 184