Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” бир катар сокку урду. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомство аскердик операциянын натыйжасында бир нече согушкер жок кылынганын билдирди. Ирандын Пакистан менен чектеш Сераван аймагындагы бир нече аймактарда жарылуулар болгонун ирандык “Mehr” агенттиги провинция губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Алиреза Мархаматиге таянуу менен билдирди. “Франс Пресс” агенттиги Пакистандын чалгындоо кызматынын өкүлүнө шилтеме берип, пакистандык аскерлер коңшу өлкөнүн аймагында «антипакистандык топторго» сокку урганын маалымдады. Пакистан…

Прочитайте больше

Пакистандын президенти Ариф Алвинин билдирүүсү

Пакистандын президенти Ариф Алвинин билдирүүсү

Пакистандын президенти Ариф Алви Иран менен тирешүү күчөгөндөн кийин Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок өз жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын айтты. Президент Алви жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Пакистандын улуттук коопсуздугу жана жеринин бүтүндүгүнөн баш тартпай турганын баса белгилеп, Пакистан армиясынын Ирандын Систан-Белужистан аймагындагы «террорчулардын баш калкалоочу жайларына» чабуулун мактады. Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын белгилеген Алви, жок кылынышы үчүн глобалдык аракеттерди талап кылган…

Прочитайте больше

Бишкектеги тик учак кырсыгы. Жабыркагандардын саны 10го жетти

Бишкектеги тик учак кырсыгы. Жабыркагандардын саны 10го жетти

Бишкектин четинде Ми-8 тик учагынын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришкенин “Кабар” агенттиги жазды. Буга чейин бир адам каза болуп, 8и жабыркаганы маалымдалган. “Жабыркаган 10 адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда, алты адам орточо жаракат алган”, – деп айтылат маалыматта. «Кактус Медиа» тик учак кулаган аймактан тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул…

Прочитайте больше

Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын биргелешкен ири машыгуусу болот

Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын биргелешкен ири машыгуусу болот

2024-жылы Казакстанда куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максатында Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусунда ири масштабдагы аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министрлиги билдирди. «Быйылкы жылы биздин өлкөнүн аймагында беш мамлекеттин катышуусунда ири масштабдуу аскердик машыгуулар болуп, ал жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүүгө тийиш», – деп билдирди өлкөнүн коргоо министрлиги. Казакстандын коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын  начальниги Марат Хусаинов бул машыгууларды өтө маанилүү деп атады. «2024-жылы 160тан ашык ыкчам жана…

Прочитайте больше

Исландияда вулкандын атылуусунан чыккан от Гриндавик шаарына агып кетти

Исландияда вулкандын атылуусунан чыккан от Гриндавик шаарына агып кетти

Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү  Рейкьянес жарым аралындагы Гриндавик шаарына жакын аймакта вулкан атыла баштады. Исландиялык RUV телекомпаниясынын маалыматы боюнча, жекшемби күнү  Гриндавиктин жанында жердин эки жаракасы пайда болгон – алардын бири шаардан болгону 50-100 метр аралыкта жерден атылып чыгып, оттун агымы чыга баштаган. Оттуу агым  Гриндавикти каптай баштагандан кийин бери дегенде эки турак үй күйүп кеткендигин журналисттер тартып алган видодон көрүүгө болот. Бул Гриндавиктеги акыркы айдагы экинчи вулкандын атылуусу. Мындан мурдагы атылуу 18-декабрда башталган. Анда от…

Прочитайте больше

Абдоллахиан: Иран Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө буйрук берген жок

Абдоллахиан: Иран Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө буйрук берген жок

Жакынкы Чыгыш аймагындагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө, Тегеран аларга буйрук берген жок, деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан. «Аймактагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө жана Иран Ислам Республикасы аларга буйрук берген жок”, – деген Иран министринин сөзү ведомствонун расмий сайтында келтирилет. Буга чейин бир катар америкалык аткаминерлер Иран йемендик хуситтерге Кызыл деңиздеги кемелерге кол салууда колдоо көрсөтүп…

Прочитайте больше

Дүйнө жаңы пандемияга даярданууда. “X оорусу” коронавирустан 20 эсе коркунучтуу болушу мүмкүн

Дүйнө жаңы пандемияга даярданууда. “X оорусу” коронавирустан 20 эсе коркунучтуу болушу мүмкүн

Адамзатты “X оорусу” күтүп жатабы? Бүткүл дүйнө жаңы пандемияга даярданышы керектигин Дүйнөлүк Экономикалык Форумунан (WEF) билдиришкенин Lenta.ru агенттиги жазды. 2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда (WEF) коронавирус пандемиясынан 20 эсе көп өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон табышмактуу “X оорусун” талкуулоо пландалууда. «Х оорусуна даярдык» аттуу жолугушууда саламаттыкты сактоону алдыда турган көптөгөн чакырыктарга даярдоо үчүн зарыл болгон чаралар каралат. ТЕМА БОЮНЧА:Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырдыАлымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти…

Прочитайте больше

Кыргыз элинин атынан Палестинага 5,5 тонна гумжардам жеткирилди

Кыргыз элинин атынан Палестинага 5,5 тонна гумжардам жеткирилди

Кыргыз элинин атынан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.  Гумжардамды жеткирүүнү өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алгач министр, генерал-майор Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы, генерал-майор Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан. Өз кезегинде, Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген. ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут…

Прочитайте больше

Согушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок

Согушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок

Израил Палестинанын Газа тилкесиндеги 100 күндүк согушта буга чейин айткан максаттарына жете алган жок, барымтадагылар бошотула элек, ал эми палестиндер дээрлик толугу менен оккупацияланган анклавдын түндүгүнөн кол салууларын да улантууда. Бул тууралуу жазуучу жана саясий серепчи Мхаймер Абу Саада 100 күндүк согуштун жыйынтыгы боюнча РИА Новости агенттигине берген комментарийинде билдирди. “Израиль Газа тилкесинде палестиналыктардын 4%га жакынын өлтүрүп, жарадар кылды, ошондой эле үйлөрдүн жана жарандык инфраструктураларынын 70%га жакынын талкалады. Бирок Израил аскердик күчтүн жардамы менен дагы деле ХАМАСты…

Прочитайте больше

“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму, ХАМАС-Израил жана Россия менен Украинанын ортосундагы согуштар тууралуу саясый эксперт Медербек Корганбаев менен маек. – Медербек мырза, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сирия жана Ирактын аймактарынан сүрүлүп чыгарылып, 2019-жылы март айында “ИМ” тобу талкаланды деп жарыяланган. Бирок “ИМ” акыркы кезде “Талибан” бийликке келген Афганистанда кайрадан баш көтөрүп жандана башташынын себеби эмнеде? – “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик уюм бир кезде Батыштын чоң геосаясий куралы болгон деп айтсам жаңылышпаймын. Анткени 2014-жылдан тартып…

Прочитайте больше

Кытай Тайван маселесинде АКШ үчүн аттап өтүүгө болбой турган “кызыл сызыкты” аныктады

Кытай Тайван маселесинде АКШ үчүн аттап өтүүгө болбой турган “кызыл сызыкты” аныктады

Тайвандын Кытайга таандык экендиги тууралуу маселе түпкү кызыкчылыкта өтө маанилүү жана “кытай-америка” мамилесинде аттап өтүүгө мүмкүн болбогон биринчи “кызыл сызык” болуп саналат. Бул тууралуу өткөн жуманын бейшемби күнү КЭР ТИМнин расмий өкүлү Мао Нин брифинг учурунда билдиргендигин   РИА Новости маалымдады. “Тайван маселеси Кытайдын ички иши болуп саналат, ал эми Тайван аймагындагы шайлоо – эч кандай сырткы кийлигишүүгө жол берилгис Кытайдын жергиликтүү иши”, – деп жооп берди  Мао Нин АКШнын Тайвандагы шайлоодо баардык кийлигишүүгө каршы турары жөнүндөгү  жана…

Прочитайте больше

Эксперт: Хуситтер Йеменге жасалган чабуулдарга жооп катары кысыкты жаап коюшу мүмкүн

Эксперт: Хуситтер Йеменге жасалган чабуулдарга жооп катары кысыкты жаап коюшу мүмкүн

АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге жасаган авиасоккулары бул коалициянын союздаштарынын Баб аль-Мандеб кысыгы аркылуу деңиз жүк ташууларына коркунуч туудурушу мүмкүн. Бул тууралуу Йемендик публицист жана саясат таануучу Мухаммад аль-Каиди РИА Новостиге билдирди. Эксперттин айтымында, америка-британиялык коалициянын соккулары Йемендин түндүгүндө бийлик жүргүзгөн «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) куралдуу түзүмдөрү үчүн сезимтал болгон объектилерди жок кыла алган жок. Эксперттин пикиринде хуситтер «америкалык агрессияга дуушар болушарын» күтүшкөн, ошондуктан алар «көптөгөн аскердик объектилерин» эвакуациялашкан. “Айрыкча Ходейда провинциясында чабуулдун бутасына айланган объекттер бош…

Прочитайте больше

“Баасы жогору” болот. Хуситтер АКШ менен Британиянын чабуулуна жооп кайтарарын убада кылды

“Баасы жогору” болот. Хуситтер АКШ менен Британиянын чабуулуна жооп кайтарарын убада кылды

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен Кызыл деңизде коммерциялык кемелерди аткылап жаткан Йемендеги «Ансар Аллах» (хуситтер) кыймылынын бир катар объекттерине сокку урду. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган. Йемендин түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө өкүмдарлык кылган хуситтер АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айтып коркутту. Окуя эмнеден…

Прочитайте больше

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…

Прочитайте больше
1 13 14 15 16 17 186