Донбасс, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирди

 Кечээ, 30-сентябрда Кремлде Донецк, Луганск Элдик Республикаларын жана Херсон, Запорожье облустарын Россиянын курамына кошуу боюнча тарыхый келишимге кол коюлду.

Документке Россиянын президенти Владимир Путин, жана бошотулган аймактардын жетекчилери Денис Пушилин, Леонид Пасечник, Владимир Сальдо, Евгений Балицкий кол койду. 

Эске салсак, ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын Москва ушул жылдын февраль айында тааныган. Ал эми Запорожье жана Херсон облустарынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жарлыкка Путин кечээ, 30-сентябрда кол койгон.

Донбасс, Запорожье жана Херсон облусттарындагы референдум

Россияга кошулуу боюнча референдум 23-27-сентябрь аралыгында Донецк, Луганск элдик республикаларында, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарында өттү.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча Россияга кошулууну Херсон облусунда шайлоочулардын — 87,05 пайыз, Запорожье облусунда — 93,11 пайызы, Донецкте — 99,23 пайызы жана Луганскта — 98,42 пайызы колдоду.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ