Түндүк Корея жасалма өзөктүк жардыруу жасады

 Түндүк Корея «жер-жер» классындагы баллистикалык ракеталарын колдонуу менен жасалма өзөктүк жардыруу жасаганын билдирди.

Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, ракета Пхеньяндын жака-белинен кое берилди. Шарттуу бута Хамгён-Пукто провинциясынын жээгинде болгон. Жасалма өзөктүк жардыруу 500 метр бийиктикте ишке ашырылды.

Япониянын Коргоо министрлиги Түндүк Корея Япон деңизин көздөй эки баллистикалык ракетасын кое бергенин билдирди. Алар 50 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, 350 чакырымга чейин учкан.

Жыл башынан бери Түндүк Корея он жолу ракета учурса, алардын сегизи – баллистикалык ракета.

2022-жылдан бери Түндүк Корея ар түрдүү аралыктагы 70тей ракетасын учурду. Машыгуулар маалында ракеталар Японияны же Түштүк Кореяны көздөй кое берилип турду.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталар менен өзөктүк куралдарды иштеп чыгуу программасына БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында тыюу салынган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ