Аба мейкиндиги жабылып, чек арада ок атылды. Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу

Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу индиялык Жамму жана Кашмир аймагындагы 26 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин күчөдү. Теракттан кийин Индия бийликтери бир катар чараларды көрдү, атап айтканда, алар пакистандык жарандарга виза берүүнү токтоосуз токтотту жана 27-апрелден тарта мурда берилген визаларды жокко чыгарууга ниеттенүүдө.

Пакистандын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды, анын ичинде Индия жана индиялыктарга таандык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндиги жабылды.

Ал арада Индиянын армиясы 25-апрелге караган түнү Пакистан тараптан чек ара постторуна ок атуучу куралдан ок чыгарылганын, ага натыйжалуу жооп кайтарылганын билдиргенин NDTV телеканалы маалымдады.

Жаңжалдын башталышы. Пахалгамдагы террордук чабуул

22-апрелде куралчан адамдар туристтик Пахалгам шаарында (Жамму жана Кашмир аймагы) ок чыгарышкан. Андан Индиянын 25 жараны жана бир непалдык жаран набыт болуп, көптөрү жарадар болушкан. Кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

“The Times of India” гезити Индиянын чалгын кызматтарындагы булактарга таянып кабарлагандай, Пахалгамдагы жайкын тургундарга кол салууну Пакистанда жайгашкан “Лашкар-э-Тайба” радикал тобунун диверсиялык канаты болгон “Каршылык көрсөтүү фронтунун” согушкерлери жасаган.

Индиянын чалгындоо кызматтары Пахалгамдагы террордук чабуулга Пакистандын Кызматтар аралык чалгындоо кызматынын (ISI) катышы бар экендигинин далилин табышканын “The Hindustan Times” булактарына таянуу менен билдирди.

Индиянын полициясы кол салууга шектүүлөрдүн ким экендигин аныктады, үч шектүүнүн экөө Пакистандын жарандары экенин укук коргоо органдарынын маалыматына таянуу менен AНИ маалымат агенттиги билдирди.

Индиянын билдирүүсү

Индиянын бийликтери Исламабаддагы өздөрүнүн элчилигинин санын дээрлик эки эсе кыскартышты, Пакистандын Индиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аскердик кеңешчилерин персона нон грата деп жарыялашты жана Пакистан менен чек арадагы негизги “Аттари” көзөмөл-өткөрүү пунктун жапты.

Мындан тышкары, Нью-Дели Исламабад менен суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча келишимди токтотту.

Инд системасынын алты дарыясынын бешөө Индияда жайгашкан, бирок негизги суу топтоону Пакистан ишке ашырат. Суу менен камсыздоонун туруктуулугунан Пакистандын айыл чарбасы жана энергетика тармагы көз каранды. 1960-жылы келишим түзүлүп, ага ылайык Индия Инд системасынын үч чыгыш дарыясынын суусун Пакистандын чек арасына чейин, Пакистан болсо батыштагы үч дарыяны пайдаланууга укуктуу болгон.

Индия Пакистан менен болгон чыр-чатактардын биринде да келишимди бузган эмес жана азыр биринчи жолу аны токтотуп жатат, келишимде тараптардын биринин да келишимди бир тараптуу токтотуу же бузуу укугу каралган эмес. Анда талаш-тартыштарды чечүүнүн так жол-жоболору белгиленген.

Индия өкмөтү ошондой эле пакистандык жарандарга виза берүүнү токтоосуз токтотуп, 27-апрелден тарта мурда берилген визаларды жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Пакистандын жообу

Пакистандын Коопсуздук кеңеши Индиянын Кашмирдеги террордук чабуулга жасаган реакциясын адилетсиз жана саясий жүйөөлүү деп атады. Ведомство Индия менен болгон бардык эки тараптуу келишимдерди токтотуп жатканын жарыялады.

Алар ошондой эле Индиянын Инд суулары келишимин токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн четке кагып, Ислам Республикасына тиешелүү суунун агымын токтотуу же башка нукка буруу аракетин согуш актысы катары кабыл ала тургандыктарын белгилешти.

Пакистан ошондой эле Индия жана аларга таандык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаап, Индия менен чек арадагы “Вагах” өткөрүү пунктун жапты.

Пакистан ошондой эле коргонуу, деңиз жана авиация маселелери боюнча индиялык кеңешчилерин персона нон грата деп жарыялады.