Австриянын Германия менен чектеш Кирхберг об-дер-Донау шаарында куралчан адам изделүүдө.
Bild басылмасынын маалыматына караганда, мергенчи шаардын мэри Франц Хоферди, андан соң аңчылык менен байланышы бар дагы бир адамды атып өлтүргөн.
Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, бул ишке шектүү катары ушул шаардын 56 жаштагы тургуну Роланд Дрекслер эсептелет.
Австриялык басылмалар киши өлтүрүүгө аңчылык укугуна байланыштуу чыр-чатактар себеп болушу мүмкүн деп жазышууда. Кырдаалдын курчушуна байланыштуу полиция айрым жергиликтүү аткаминерлерди коргоого алды. Кирхбергдин жашоочулары өз кезегинде дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүн тосушкан.
Полициянын маалыматы боюнча, шектүү куралчан дагы эле качып жүрөт. Аны издөөгө оперативдүү бөлүмдөр, анын ичинде атайын күчтөр жана бронетехника катышууда. Такталбаган маалыматтарга караганда, жабыркагандар экиден ашык болушу мүмкүн.
Мэрди өлтүргөн жер курчоого алынды. Франц Хофер бул кызматта 16 жыл иштеген. 2021-жылы шайлоочулардын 60%дан ашык добушун алып, кайрадан мэр болуп шайланган.