Азербайжан Орусия менен саясий жана маданий иш чараларын токтотту

Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасынын биринчи орун басары Али Ахмедов баштаган парламенттик делегация Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Парламенттер аралык кызматташтык боюнча комиссиясынын Москвада өткөрүлүшү пландалган 23-жыйынына катышпайт.

Бул маалыматты Милли Межлисинин басма сөз кызматы жарыялады.

“Буга Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарында укук коргоо органдары тарабынан улуттук негизде азербайжандыктарды өлтүрүүнүн жана зордук-зомбулуктун көргөзүлгөн, максаттуу жана мыйзамсыз ээнбаштыгы, ошондой эле акыркы мезгилде мындай көрүнүштөрдүн үзгүлтүксүз болуп жаткандыгы себеп болууда”,- деп айтылат маалыматта.

Азербайжандын парламенттик делегациясынын аталган сапары жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтотсо, Маданият министрлиги Орусия мамлекети жана жеке ишканалары менен бирге уюштурулуп жаткан бардык маданий иш-чараларын токтоткондугун өзүнүн расмий сайты аркылуу билдирүү таратты.
Министрликтин мындай чечимге келишине “Орусиянын укук коргоо органдары Екатеринбургда улутуна карап азербайжандыктарга каршы жасаган максаттуу киши өлтүрүүлөр жана зордук-зомбулук аракеттери” себеп болгон.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай учурлар акыркы убакта “системалуу” болуп калганы айтылат.
Жокко чыгарылган иш-чараларга концерттер, фестивалдар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана башка маданий программалар кирет.

Башкармалык билетти алдын ала сатып алган жарандар акчасын кайтарып алуу үчүн тиешелүү соода түйүндөрүнө жана онлайн аянтчаларга кайрылса болорун кошумчалады.

РБК агенттиги бул окуяларга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен байланышып тиешелүү жооп алганын жазды.

Агенттик белгилегендей, Орусиянын коопсуздук күчтөрү кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана камакка алуулар оор кылмыштарга байланыштуу экенин билдирген.

Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова буга чейин Екатеринбургдагы Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрүнүн кармалышы “оор кылмыштарга” байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында болгонун баса белгилеген.

Орусиянын тергөө комитети тактагандай, кеп 2001, 2010 жана 2011-жылдары жасалган адам өлтүрүүлөр тууралуу болуп жатат.

Комитеттин билдирүүсүнө караганда, буга чейин бир нече шектүүлөр кылмышты мойнуна алышкан.
Массалык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, 2001-жылы Екатеринбургда киши өлтүрүү фактысы катталган. Анда азербайжандык Юнис Пашаевди бычактап кетишкен.

Ошол маалда кылмышка негизги шектүү катары “Каспий” кафесинин ээлери – бир туугандар Гусейн жана Зияддин Сафаровдор экени маалым болгон. Алар 27-июнда кармоо учурунда каза болгону айтылды.

Бул маалыматты РБК басылмасына укук коргоо органдары ырастаган.