Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Кыргызстандан барган делегацияны Ирандын расмий адамдарды “Имам Хомейни” аэропортунан расмий тосуп алды.
Биринчи айым Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жубайы Жамиля Аламольходанын расмий чакыруусу менен Тегеранда өтө турган таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуу үчүн барган.


Делегациянын курамына президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоо жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлери, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчиси кирди.
Айгүл Жапарова конгресске катышып, сөз сүйлөөдөн тышкары, Ирандын биринчи айымы Жамиля Аламольхода жана Ислам республикасынын айрым расмий өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.
Бул Жапарованын Иранга жасаган алгачкы сапары болду.
Иш-чарага 14 миңдей аял катышууда, алардын 400ү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген. Алардын ичинен 70и расмий өкүлдөр.
Катышуучулардын арасынан 900 ийгиликтүү лидер аныкталып, алардын 100ү илим жана техника тармагында, дагы 50сү башка тармактарында мыкты деп табылды.
Конгресстин жыйынтыгында эки тараптуу 10 меморандумга кол коюлат.
Иш-чара 17-январда башталып 20-январга чейин өтөт.
Айгуль Жапарова эмне менен алектенет?
Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова кайрымдуулук иштери менен алектенет. Ал «Үмүт булагы» жана «Эне балага тирек» деген фонддорду негиздеген.
“Үмүт булагы” фондунун негизги максаты өлкөдөгү энелерди жана балдарды колдоо болгон. Ал 2022-жылдын 15-июлунда ишин токтотуп, экинчи фонд ошол эле жылдын март айында түзүлгөн.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар Иранда буга чейин дагы өткөрүлүп келген. Тактап айтканда, Ислам дүйнөсүнүн аалым аялдарынын эл аралык конгресси биринчи жолу 2010-жылы өткөрүлгөн.
Иранда аялдар өзгөчө орунду ээлеп, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда маанилүү роль ойношот. Республикада аялдардын ролунун маанилүүлүгүнүн жогорулашы Ислам революциясынын жеңишинен кийин болгон.
Революциядан кийин өлкөдө мыйзамдар кайра каралып, аялдардын саясий укуктарына жана бийликтеги ролуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө аялдар бийликтин дээрлик бардык бутактарында: өкмөттө жана парламентте (Межлис) – ошондой эле башка бутактарда да бар.