Пакистан менен Ооганстандын чатакташуусу Борбор Азияга кандай кесепетин тийгизет?

 

2022-жылдын аягы жана 2023-жылдын башталышы Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы Хайбер-Пахтунва чек ара аймагында дагы бир чыңалуу менен башталды.

Карап көрсөк, чыр-чатактар талаштуу аймак жана коопсуздук жаатында эки мамлекеттин ортосундагы көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн уландысы болуп саналат.

Бирок анда Хайбер-Пахтунва чөлкөмүн Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы өлкөлөр үчүн коркунуч туудурган туруксуз аймакка айландыруу ыктымалдуулугунун белгилери көрүнүп турат.

Алсак, өткөн жылдын ноябрь айынын аягында «Техрик-е Талибан Пакистан» (пакистандык талиптер) уюму Пакистан өкмөтү менен 2022-жылдын май айында жетишилген элдешүү аяктаганын жана өлкө бийлигине каршы активдүү аскердик өнөктүк башталганын жарыялаган.

Буга кошо ооган жана пакистандык күчтөрдүн ортосунда бир катар кагылышуулар болуп, ага Дуранд линиясынын боюндагы талаштуу аймакта, атап айтканда Хайбер-Пахтунвадагы чептердин курулушу себеп болгон.

Десек да бул чыр-чатактар өз алдынча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт.

Бул ортодо Sputnik Ооганстан басылмасы  “Техрик-е-Талибан Пакистан” уюмунун жетекчилиги анын күрөшү Пакистанга гана тиешелүү экенин расмий билдиргенин жарыялады.

Аталган уюмдун эмири Нур Вали Мехсуд “The Khorasan Diary” гезитине берген маегинде анын Пакистан өкмөтүнө койгон талаптары уруулар аймагын Хайбер-Пахтунхва провинциясынан бөлүп, ага Пакистандын негиздөөчүсү Мохаммад Али Жинна убада кылган статусту берүү гана экенин айтты.

Баса белгилей кетчү жагдай, пакистандык талиптердин уюму оогандык кесиптештеринен айырмаланып, Шериктештиктин антитеррордук борборунун порталында жарыяланган КМШ өлкөлөрүнүн тыюу салынган уюмдарынын бир да тизмесине кирген эмес.

Мунун негизинде түзүлгөн кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн потенциалдуу коркунучу кандай?

Хайбер-Пахтунва аймагы Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан, Ооганстан менен чектешет жана 1893-жылы бир катар англис-ооган согуштарынын натыйжасында түзүлгөн Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы талаштуу чек ара сызыгы болгон Дюранд линиясы менен кесилишет.

Бул аймактагы ооган-пакистан чек арасынын белгисиздик, талаш жана ачыктыгын эске алганда, Ооганстан менен Пакистандын өзүнө «машакаттан» тышкары, бул аймактагы туруксуздук Борбор Азияга жана Кытайга – Ооганстандын Бадахшаны аркылуу Тажикстан андан кийин Кыргызстан, ошондой эле Джамму жана Кашмир аркылуу Индияга жетүү коркунучу кыйла жогору.

Пакистандын The Center for Research and Security Studies (CRSS) коопсуздук боюнча  изилдөө борборунун аналитикалык отчетуна ылайык, 2022-жылы Хайбер-Пахтунва аймагында террордук коркунучтун күчөшү «Техрик-и Талибан Пакистан», ИМ террордук уюму жана Белужистандын боштондук армиясы (ОАК) (Борбордук Азияда тыюу салынган уюмдардын тизмесинде бир гана ИМ кирет) ишмердүүлүгү менен байланыштуу.

Жогорудагы маалыматка таянсак, Хайбер-Пахтунва 2022-жылы зордук-зомбулуктун кыйла өсүшү байкалып, каза болгондордун саны 108%га өскөн.

Кокусунанбы, жокпу ИМдин Ооганстан менен Пакистандын чек ара аймактарында, ошондой эле Ооганстандын аймагындагы активдүүлүгү белгилүү бир мүнөзгө ээ боло баштаган.

Аскердик серепчи Анатолий Матвичук өзүнүн материалында талибдер ооган жана пакистандык күчтөрдүн ортосундагы соңку кагылышууларды провокациялоого ИМ согушкерлерин айыптап жатканын баса белгилеген.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 2-декабрында бир эле учурда эки адамга: Пакистандын Ооганстандагы өкүлү Убайд ал-Рахман Низамани жана Хизби Исламинин лидери Гүлбуддин Хекматиярдын Ооганстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Убайд ал-Рахман Низаманиге кол салуу аракети болгон.

Кийинчерээк тергөө эки окуяга тең ИМ тарапкерлеринин катыштыгы бар экенин көрсөткөн. Бирок, Sputnik Ооганстан басылмасы алгачкы этапта пакистандык аскерлер «Техрик-е Талибан Пакистандын» (алар Ооган талибдеринин эң жакын союздаштары деп саналган) аталган окуяларга катыштыгы бар деген версияны жарыялаган.

Мына ошондон кийин бул теракт үчүн жаза катары Пакистандын Кандагардагы башкы консулдугу да жабылышы мүмкүн деген маалыматтар тараган.

ИМ Кабул менен Исламабаддын тирешинде эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар болуп жаткандай. Бирок бул оңой-олтой иш эмес экени белгилүү.

Талибандын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин айтымында, айрым күчтөр ИМдин жардамы менен кайрадан коопсуздукту бузуп, Кабул менен Исламабаддын ортосундагы отту тутантууга аракет жасашкан.

Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттары талибдердин өкүлү Ирандын “Тебиян” маданий борборунун башчысы Сейед Иса Хусейни Мазаринин пикирин кайталаганына көңүл бура баштаган. Бирок акыркылардан болуп бул күчтү Америка Кошмо Штаттары ачык атаган.

Америка Ооганстандан чыккандан кийин Борбор Азия өлкөлөрүндө калып, өз ордун табууга канчалык аракет кылбасын бул оюнан эч кандай майнап чыккан эмес.

Азыр алар регионго кайтып келип, анда туруксуздук аймагын түзүү саясатын активдүү жүргүү үчүн өлкөдө баш аламандыкты жаратуу методикасын колдонууда.

Албетте, мунун куралы мурдагыдай эле, ИМ тарабынан колдонулат.

Эске салсак, 2019-жылы Забихулла Мужахид эгер «Ислам мамлекети» тобуна америкалык авиация жана чалгындоо кызматы жардам бербегенде, аны күнү Ооганстанда бүтмөк деп айткан.

Ал АКШны талибдердин ИМди жок кылуу аракеттерине тоскоолдук кылып жатат деп түздөн-түз айыптаган. Ал ошондой эле Америка «Ислам мамлекети» Ооганстанда пайда болгондон бери жардам берип келгенин баса белгилеген.

Мына ошондон кийин алар ооган-пакистан мамилелерин татаалдаштырып, америкалык расмий өкүлдөрдүн сын-пикирлерин байма-бай берип келет.

Буга мисал катары айта кетсек, мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын билдирүүлөрү аркылуу алар Ооганстанда болсо дагы, Пакистан талибдерине каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн Пакистанга иш жүзүндө карт-бланш берип жатышат.

Ошондой эле, алар Хайбер-Пахтунва чек арасына терроризмге каршы күрөшүү жана коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысын жиберип, чек араны жакшыртуу үчүн Пакистанга атайын каражат да берүүнү пландоодо.

Абдулла Гани Барадар жана АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 2020-жылы Дохада келишимге кол коюуда Сүрөт: Reuters
 

Айтмакчы, андан кийин оогандык Khaste Subh басылмасы Пакистандын учактары Хайбер-Пахтунва менен чектеш Нангархар провинциясындагы Ооганстандын Салалах районуна абадан сокку урганын кабарлаган.

Алсак, 2022-жылдын октябрында ЦРУнун, Пентагондун жана АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү Дохада Тышкы иштер министрлигинин жана Талибандын Коргоо министрлигинин делегациясы менен ЦРУнун атайын күчтөрүнүн бар экендиги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Мунун негизинде Түндүк Ооганстан, келечектеги максаттар үчүн ал жерде террордук фронтторду түзүү жана Кытай менен Орусиянын коопсуздугу үчүн көйгөйлөрдү жаратууда.

Ошол эле жылдын декабрында Абу-Дабиде Мамлекеттик департаменттин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Уэст менен Талибандын коргоо министринин милдетин аткаруучусу Мохаммад Якуб менен сүйлөшүүлөр болгон. Алардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы Ооганстандын уюштуруучу күчү катары талибдердин позициясын бекемдөө тенденциясы катары бааланган.

Сүрөттө: Америкалык дипломат Томас Уэст АКШнын Ооганстандагы максаттарына жетүү үчүн Катардын желегин активдүү колдонууда

Мындан тышкары, АКШ «Техрик-е Талибан Пакистан» менен Пакистан өкмөтүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратып, өзүнүн пилотсуз учактарынын чалгындоо жана согуштук аракеттери үчүн PRI аба мейкиндигин пайдаланууда.

«Техрик-е Талибан Пакистан» лидери Нур Вали Мехсуддун айтымында, дал ушул америкалык учкучсуз учактардын активдүүлүгү жана алардын Кабулдагы согуштук колдонулушу сүйлөшүүлөр процессин үзгүлтүккө учуратып, пакистандык талибдер менен Исламабаддын ортосундагы диалогду түзгөн деп айтылат.

Ошентип, бизде Хайбер-Пахтунва чөлкөмүндө туруксуздук аймагы түзүлүп, АКШ Ооганстанды Пакистанга каршы түртүп, анын ичинде ИМдин жардамы менен гана эмес, Ооганстандын түндүгүндөгү аймактарга кайра кайтуу аракетин көрүлүп жатат.

Бул долбоордун негизги максаты Борбор Азия өлкөлөрүнө гана эмес, Орусия жана Кытай менен глобалдык тирешүүнүн дагы бир рычагын түзүү, ошондой эле Ооганстанда Талибан администрациясы менен алардын мамилесин орнотуу болушу мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Хайбер-Пахтунва аймагы жана ооган чек ара аймактары ИМ жана алардын жандоочулары үчүн баш калкалоочу жайга айланган.

Питер Миллстин Согушту Изилдөө Институту (ISW) үчүн жазган баяндамасында белгиленген аймакта жайгашкан Вилоят Хорасан эл аралык чабуулга даяр, ошондой эле өзбек жана тажик өкмөттөрүнө каршы аракеттерин колдоп, аларды да өз жагына тартууга аракет кылып жатканын белгилейт.

Маалым болгондой, ИМ медиа операциялары 2022-жылдын февраль айынан бери өзбек, тажик жана кыргыз тилдеринде жарыяланган контенттин санын көбөйттү.

Буга байланыштуу Sputnik Ооганстан маалымат агенттиги Гүлбуддин Хекматиярдын сөзүн жарыялап, ага кол салуу аракетин жасаган ИМдин согушкерлери Тажикстандын жарандары болгонун жарыялаган.

Агенттик ошондой эле «Ислам мамлекети» тобунун Кабулдагы кезектеги терактына, тактап айтканда, Кабул Лонган мейманканасына кол салууга тажик жарандарынын да тиешеси болушу мүмкүн экенин жазган.

Бул түзүлгөн туруксуздук  аймагы Ооганстанга чектеш өлкөлөрдүн экономикасына болуп көрбөгөндөй чоң зыян алып келери шексиз.

Маселен, 2023-жылдын январында Кытай тарап дамбаларды курууга, ошондой эле Ооганстандагы энергетикалык долбоорлорго катышууга кызыкдар экенин билдирген.

Душанбе менен Исламабад да энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Тажикстандын Пакистандын Карачи жана Гвадар портторуна жана Ооганстандын аймагынан пайдаланып CASA-1000ге кирүү маселелерин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Александр Новак былтыр декабр айында Ооганстан менен Пакистандын рыногуна газ экспортунун жолу катары Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорду пайдаланууну же болбосо Ирандан алмашуу жолун жарыялаган.

Материалдын автору: Алексей Фомин

Комментарий жиберүү