АКШ бийликтери акыркы бир жылда 270 миңден ашуун мигрантты өлкөдөн чыгарганын CNN билдирди.
“АКШнын Иммиграциялык жана бажы кызматы акыркы каржы жылында 271,4 миң мигрантты өлкөдөн чыгарган”, – деп билдирет телеканал ведомствонун маалыматына таянып.
Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге (142 580 адам) көп.
Маалыматта белгиленгендей, бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.
Депортациялангандардын көбү АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз киришкен, алар ар башка 200 өлкөгө депортацияланган.
Отчет быйылкы жылдын 1-октябрынан 30-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациядан кийин Американын тарыхындагы мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча эң ири операцияны ишке ашырууга ниеттенип жатканын эл алдында сүйлөгөн сөзүндө бир нече жолу айткан.
17-декабрда Bloomberg агенттиги биринчи этаптарда Ак үйдүн болочок башчысы өлкөдөн 1 миллион адамды чыгарууну пландап жатканын билдирген. Миграция кризиси АКШдагы шайлоо өнөктүгүндөгү негизги маселелердин бири болгон.
АКШнын азыркы президенти, демократ Жо Байден 2025-жылдын 20-январында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын Трампка өткөрүп берет.