АКШнын чыгыш жээгинде катуу кар жааганынан улам 100 миңден ашуун үй электр жарыгынан ажырады, деп билдирет РИА Новости агенттиги.
Электр энергиясынын өчүрүлүшүн талдоочу платформанын маалыматына ылайык, өчүрүүлөрдүн жалпы саны кеминде 101,8 миңди түздү. Атап айтканда, жарык төмөнкү штаттарда өчүрүлгөн:
- Делавэр (29 162),
- Нью-Жерси (28 574),
- Вирджиния (24 783),
- Мэриленд (19 374).
Ошол эле учурда америкалык ЖМКлар калың кар жаашынан улам АКШнын 60 миллиондон ашуун тургуну өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймакта калганын жазышууда.
Синоптиктердин маалыматына караганда, аба ырайы начарлаган штаттарда дүйшөмбүгө караган түнү 30дан 60 сантиметрге чейин кар жаашы мүмкүн.