АКШда полиция студенттердин Палестинаны колдоо акциясын таркатты

АКШдагы Колумбия университетинин Батлер китепканасында студенттердин Палестинаны колдоо боюнча кеңири масштабдагы митинги өтүп, кеминде 70 студент Нью-Йорк полициясы тарабынан кармалды.

Бул маалыматты TRT Global агенттиги АКШнын коопсуздук күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.

Маалыматта белгиленгендей, студенттер ураан чакырып, имараттын ичинен чыгуудан баш тартышкан. Мындан улам университеттин жетекчилиги полицияга жардам сурап кайрылган.

Университеттин президенти Клэр Шипман кырдаалга комментарий берип, студенттер имараттан чыгуудан баш тартышкандыгы үчүн кармалганын айтты.

Маалымат түшкөндөн кийин Нью-Йорктун полиция кызматкерлери китепканага бастырып кирип кеминде 70 кишини кармашкан. Кармоо учурунда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду.

Ошол эле учурда нааразылык акциясынын уюштуруучулары алар “дүйнөдөгү эң ири аскерлештирилген полиция күчтөрүнүн бирине” туш болушканын билдиришти.

“Алар бизди муунтуп жатты, бирок биз багынган жокпуз. Биз унчукпай кетпейбиз. Палестина биздин компасыбыз”, – деп айтылат студенттик топтун билдирүүсүндө.

Палестинаны колдоо үчүн студенттердин нааразылык акцияларынын толкуну учурунда президент Дональд Трамптын администрациясы буга чейин бир катар университеттерге, анын ичинде Гарвардга федералдык каржылоону кыскартарын айткан.

Эске сала кетсек, январда Трамп “антисемитизм менен күрөшүү” боюнча буйрукка кол койгон. Ал федералдык агенттиктерге палестиналык активисттерди, анын ичинде студенттик демонстранттарды депортациялоо маселесин кароого багытталган.

Документке ылайык, ведомстволор 60 күндүн ичинде Ак үйгө нааразылык акциялары учурунда мыйзам бузган чет элдиктерди, анын ичинде визасы бар студенттерди өлкөдөн чыгаруу үчүн жарандык жана кылмыш мыйзамдарын колдонуу боюнча сунуштарды бериши керек.