АКШнын бир катар шаарларында Дональд Трамптын жана Иммиграция жана бажы кызматынын саясатына каршы ири демонстрациялар өттү.
“Tasnim News” агенттиги билдиргендей, Чикаголуктар жана жергиликтүү аткаминерлер Миннеаполисте 37 жаштагы медицина кызматкери Алекс Притинин өлтүрүлүшүнөн кийин Иммиграциялык жана бажы полициясынын (ICE) кызматкерлеринин операциясы “жокко чыгарылышы керектигин” айтып чыгышты.
Нааразычылык акциялары АКШнын башка шаарларына, анын ичинде Миннеаполис, Нью-Йорк, Сан-Франциско, Бостон жана Род-Айленд штатынын Провиденсине да жайылды.
Миннеаполистин тургундары жекшемби күнү шаардын түштүк тарабындагы Притти өлтүрүлгөн жерге чогулушуп, ICE кызматкерлеринин аракеттерин айыпташты. Алар иммиграция кызматкерлери шаардан чыгып кетмейинче нааразычылык акцияларын токтотпой турганын билдиришти.

1 of 11

Реанимация бөлүмүндө иштеген Алекс Претти ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында шаарда жүргөн агенттер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ички коопсуздук департаменти агенттер Приттини куралсыздандырууга аракет кылып жатып өзүн коргоо үчүн ок чыгарганын ырастады, бирок башка далилдер ал кишинин колунда курал эмес, телефон болгонун көрсөтүп турат.
Иммиграциялык кызматтын агенти мындан үч жумача мурун эле Рене Гуд аттуу аялды атып өлтүргөн. Анда да Миннесота штатынын бир нече шаарларында Трамптын мыйзамсыз иммигранттарды камакка алуу жана депортациялоо боюнча иммиграциялык чараларына каршы нааразычылык акциялары болгон.