АКШда 55 миллиондон ашык чет элдиктердин визасы текшерилет

АКШнын Мамлекеттик департаменти 55 миллиондон ашык жарактуу визасы бар чет өлкөлүктөрдү мыйзам бузуу ыктымалдыгына байланыштуу текшерүүдөн өткөрүп жатат. Бул тууралуу «Настоящее время» Associated Press агенттигине таянып жазды.

Текшерүү бардык виза ээлерин, анын ичинде ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтерди да камтыйт. Эгерде чет өлкөлүктөрдүн АКШга кирүүгө же калууга мыйзамдуу негиздери жок экени аныкталса, алардын визалары жокко чыгарылат. Виза ээси өлкө аймагында жүрсө, аны депортациялашат.

Мамдепартаменттин кызматкерлери виза ээлери жүрүү мөөнөтүн бузуп-бузбаганын, коомдук коопсуздукка коркунуч туудурбай турганын жана кылмыштуу же террорчулук ишмердүүлүк менен байланышы жоктугун текшеришет.

«Биз текшерүү алкагында бардык жеткиликтүү маалыматты карап чыгабыз, анын ичинде укук коргоо органдарынын жазууларын, иммиграциялык маалыматтарды жана виза берилгенден кийин табылган, талаптарга мүмкүн болуучу туура келбестикти көрсөтүүчү башка маалыматтарды да карайбыз», – деп билдиришти Мамдепартаменттен.

APнин маалыматы боюнча, жаңы формулировка текшерүү процесси мындан ары туруктуу мүнөзгө ээ болгонун жана мурда АКШда калууга уруксат алган адамдардын да визасы күтүлбөгөн жерден жокко чыгарылышы мүмкүн экенин түшүндүрөт.

22-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Х социалдык тармагында жүк ташуучу айдоочулар үчүн жумушчу визаларды убактылуу токтотконун жарыялады.

«АКШ жолдорунда чоң жүк ташуучу унааларды айдап жаткан чет өлкөлүк айдоочулардын санынын өсүшү америкалыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда жана жергиликтүү айдоочулардын жашоосуна доо кетирүүдө», – деди ал.

Президент Дональд Трамп кызматка киришкенден тарта анын администрациясы АКШдан мыйзамсыз мигранттарды депортациялоого багыт алды. Ошондой эле өлкөдөн саясий көз караштары АКШ бийлигинин саясатына туура келбеген чет өлкөлүк студенттерди да чыгарып жатышат.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдө 12,8 млн грин-карта ээси жана 3,6 млн убактылуу визасы бар адамдар болгон.