АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы ( CENTCOM) дүйшөмбү күнү кечинде сүрөттөрдү жарыялап, бул штабдын күчтөрү Йеменге кол салууга даярданууда деп ырастады.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы X социалдык тармагында: “Harry S. Truman (CVN-75) кемеси Йемендеги хуситтерге (Ансаруллах) каршы сокку уруу үчүн ок-дарыларды даярдап жатат”, – деп жазды.
Бул кеме азыр Жакынкы Чыгышта жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын жоопкерчилигинин аймагында турат.
АКШ, Британия жана сионисттик режим (Израиль – ред.) өткөн айларда Йеменге көп жолу кол салышты.
Ушул аптада АКШнын борбордук командачылыгы билдирүү жасап, Йемендин борбору Санага абадан жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
“АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү Санадагы ракеталарды сактоочу жайга жана хуситтердин башкаруу борборуна так абадан сокку урду”,- деп айтылган CENTCOM тараткан билдирүүдө.
CENTCOM бул кол салуулар хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге каршы операцияларын токтотуу жана азайтуу максатында жасалганын кошумчалаган.
Бул билдирүүдө ошондой эле операция учурунда америкалык күчтөр Кызыл деңиздин үстүндө бир нече учкучсуз учактарды жана кемеге каршы канаттуу ракетаны атып түшүргөнүн ырасталып, бул чабуулга аба жана деңиз күчтөрү, анын ичинде F/A-18 учактары катышканы белгиленген.
CENTCOM жекшемби күнкү өзүнчө билдирүүсүндө Harry S. Truman (CVN-75) учак конуучу кемесинен учуп чыккан F/A-18 согуштук учагы «Gettysburg» (Геттисберг) эсминецинен учурулган ракета тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Йемен Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммад Али аль-Хуси АКШнын Йеменге каршы кол салуулары Газанын эзилген калкына колдоо көрсөтүүнү токтотууга алып келбей турганын баса белгиледи.
Ал АКШнын Йеменге каршы кол салуулары террордук мүнөздө экенин жана Газа калкынын геноцидинде Израиль режимине колдоо көрсөтүүнүн алкагында жасалып жатканын кошумчалады.
Бир жылдан ашык убакыттан бери Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу башталгандан бери Йемендеги хуситтер палестиналыктарга тилектештик билдирүү максатында Израилдеги буталарга жана Кызыл деңиздеги Израилге таандык кемелерге үзгүлтүксүз кол салып келишет. Хуситтерге каршы операцияга АКШдан тышкары башка Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия да катышууда.