Кытай АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерге жасаган чабуулдарынан кийин Ормуз кысыгынын жабылыш ыктымалдыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Кытай бийлиги бул стратегиялык мааниге ээ аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу жалпы эл аралык коомчулук үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Бээжиндеги ТИМдин кезектеги маалымат жыйынында Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякун Перс булуңу жана ага чектеш райондор дүйнөлүк соода жана энергетикалык ресурстар үчүн негизги жолдордун бири экенин эске салды.
«Ормуз кысыгынын жабылышы бүт дүйнөлүк экономикага терс таасир этет. Бул аймактагы туруктуулук жана коопсуздук – жалпы эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгындагы маселе», — деди дипломат.
Го ошондой эле дүйнөлүк державаларды чыңалууну азайтуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырып, АКШнын соккуларынан кийинки региондогу экономикалык жана саясий башаламандыкты алдын алуу керектигин белгиледи.
Кытайдын мунай импортуунун болжол менен 45%ы Перс булуңу жана Ормуз кысыгы аркылуу келет. Буга чейин Иран өзүнө кол салуу болгон шартта кысыкты жабуу укугуна ээ экенин эскерткен. Ал эми бул кысыктан дүйнөлүк мунай соодасынын 25%ы өтөт. Жада калса кыска мөөнөттүү токтоп калуулар дүйнөлүк мунай рыногунда олуттуу үзгүлтүктөргө алып келиши мүмкүн.
Ормуз кысыгы — Сауд Аравиясы, БАЭ, Кувейт, Катар, Ирак жана Ирандан өзүнүн Азия базарына мунай жеткирүү үчүн негизги жол болуп саналат.