АКШнын Йеменге каршы кымбатка турган операциясы: ийгиликсиздик жана бир миллиард долларлык чыгым

Пентагон Йеменге каршы операцияга миллиарддаган доллар сарптаганына жана эң заманбап куралдарды колдонгонуна карабастан, “Ансар Аллах” (хуситтер) кыймылынын каршылыгына туруштук бере алган жок. Айрымдар бул аскердик кампанияны ресурстарды текке кетирүү жана Американын Чыгыш Азиядагы даярдыгына коркунуч катары баалашууда.

Маалымдар булактар ​​америкалык ЖМКларга Йемен армиясына каршы АКШнын аскерий операциясынын чыгымы үч жумадан аз убакыт ичинде бир миллиард долларга жакындаганын, оор чабуулдарга карабастан, хуситтердин аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө чектелген таасирин тийгизген кымбат операция болуп жатканын айтышкан.

15-мартта АКШ президент Дональд Трамптын буйругу менен Йемен аймагынын үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн хусилерге каршы массалык соккуларды баштаган. АКШнын Борбордук командачылыгы операция америкалык кызыкчылыктарды коргоого жана кемелердин эркиндигин камсыздоого багытталганын билдирди. Буга жооп катары “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңиздин түндүгүндө америкалык “Гарри Труман” авиа алып жүрүүчү кемесине ракета жана учкучсуз учактарды колдонуу менен бир катар чабуулдарды жасоодо.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, 15-мартта башталган операцияга ушул убакка чейин жүздөгөн миллион долларлык курал-жарактар, анын ичинде алыс аралыкка учуучу канаттуу ракеталар, башкарылуучу бомбалар жана “Томагавк” ракеталары тартылган.


Мындан тышкары, АКШ бул чабуулдарда Диего-Гарсия аралындагы базасынан В-2 стратегиялык бомбалоочу учактарды колдонууда. Жакын арада АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын аймагына дагы бир авиа ташуучу кеме, бир нече согуштук учактар жана абадан коргонуу системалары жеткирилери маалымдалган.

Бир булактын айтымында, Пентагон Йемендеги операция үчүн Конгресстен кошумча каражат сураганга аргасыз болушу мүмкүн, бирок өтүнүч каршылыкка туш болушу мүмкүн. Анткени бул операция ушул кезге чейин Америкадагы эки саясий фракциянын тең сынына кабылып келген. Атүгүл АКШнын вице-президенти Дж.Д.Вэнс жакында “The Atlantic” гезити жарыялаган интервьюсунда операцияны “катачылык” деп атады.

Пентагон өзүнүн күнүмдүк соккуларынын иш жүзүндөгү таасирин ачык жарыялаган жок, бирок Коргоо министрлигинен, Штаб башчыларынын бириккен комитети, Борбордук командачылык жана Индо-Тынч океан командачылыгынын өкүлдөрү акыркы Конгресстеги угууларда бул соккулардан “Ансарулла” кыймылынын орто даражалуу бир нече лидери гана набыт болгонун жана аз сандагы аскерий объектилерге зыян келтирилгенин айтышкан.

Бирок, булактардын айтымында, Йемен армиясы дагы эле жер астындагы бункерлерин бекемдеп, курал кампаларын сактап калууга жетишкен.

АКШнын Йеменге каршы операциясынан кабардар булак хуситтердин кээ бир буталары жок кылынганын, бирок бул хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге кол салуу же америкалык учкучсуз учактарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгүн азайткан жоктугун билдирди.

“Анын ордуна биз ок-дарыларды, күйүүчү майларды жана операциялык убакытты сарптап жатабыз», – деди ал.

CNN телеканалы маалымдагандай, АКШнын Борбордук командачылыгы бул аскердик операциянын «суткасына 24 саат, жумасына 7 күн» уланып жатканын жарыялады. Операция башталгандан бери Йемен армиясы тарабынан Американын кеминде эки MQ-9 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын масштабдуу операциялары АКШ армиясынын Индо-Тынч океан командачылыгынын кээ бир кызматкерлерин тынчсыздандырууда. АЛар акыркы күндөрдө жана жумаларда Йеменге кол салууларда “Томагавк” сыяктуу алыскы аралыкка учуучу ракеталардын ашыкча колдонулушуна нааразы болушкан. Б.а Батыш Азиядагы операциялардын улантылышы АКШнын Индо-Тынч океан регионундагы согуштук даярдыгына терс таасирин тийгизет деген тынчсыздануу бар.

Газа тилкесиндеги кагылыш курчуп, Израиль ХАМАСка каршы операция баштагандан бери “Ансар Аллах” кыймылы палестиналыктарга колдоо көрсөтүп, Израилдин аймагын аткылап, аны менен байланышкан кемелердин Баб эл-Мандеб кысыгы аркылуу өтүшүнө жол бербей турганын билдирген. Йемендик хуситтер 2023-жылдын ноябрь айынан бери Газа тилкесине колдоо көрсөтүп, Кызыл деңиздеги Израилге тиешелүү аскердик кемелерге жана жарандык кемелерге үзгүлтүксүз чабуул коюп келишет.

Буга чейин БУУ уюмдун өкүлдөрү АКШнын Йеменге жасаган соккуларына тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирген. Уюм максималдуу сабырдуулукка жана бардык аскердик аракеттерди токтотууга чакырган.