АКШнын Йемендеги соккусунан Рас-Иса мунай порту талкаланып, 38 киши набыт болду

АКШнын Йемендеги абадан жасаган соккуларынан кеминде 38 адам өлүп, 102 киши жараат алды. Бул тууралуу йемендик “Ансар Аллах” кыймылы көзөмөлдөгөн “Al Masirah” телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, мунай терминалы жайгашкан Аль-Ходейда провинциясындагы Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан Рас-Иса портуна жумага караган түнү абадан чабуул жасап, ал жерде ири өрт чыкты.

АКШнын Аскер-аба күчтөрү кеминде 14 жолу сокку уруп, ал бомбаланган жерге дарыгерлер жана жарандык коргонуу кызматкерлери келгенден кийин да улантылды. Медицина кызматкерлеринин арасында да каза болгондор бар.

Буга чейин 33 адам каза болуп, 80 адам жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы өз кезегинде Рас-Иса порту талкаланганын билдирди. Командачылыктын X соцтармактагы билдирүүсүнө караганда, бул козголоңчуларды мунай продуктыларын сатуудан “мыйзамсыз кирешелерден” жана күйүүчү майга жетүүдөн ажыратты.

2023-жылы Газадагы кагылышуу күчөгөндөн кийин хуситтер Израилдин аймагын аткылап, аларга караштуу кемелердин Кызыл деңиз жана Баб эл-Мандеб кысыгы аркылуу өтүшүнө бөгөт коюшарын эскертишкен. Чабуулдар Палестинанын анклавында ушул жылдын январь айынын орто ченинде ок атышпоо жарыялангандан кийин токтогон, бирок марттын башында элдешүү бузулгандан кийин хуситтер Кызыл деңиздеги израилдик кемелерге чабуулун кайра баштаганын жарыялап, андан соң жөөт мамлекетинин ичиндеги буталарга кайрадан ракета менен чабуул жасоого аракетин башташкан.

15-мартта АКШ президент Дональд Трамптын буйругу менен Йемен аймагынын үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн хуситтерге каршы массалык соккулар жасала баштаган. Операция америкалык кызыкчылыктарды коргоого жана кемелердин эркиндигин камсыздоого багытталган, деп билдирген АКШнын Борбордук командачылыгы.

“Ансар Аллах” кыймылы буга жооп катары Кызыл деңиздин түндүгүндө америкалык “Гарри Труман” авиаташуучу кемесине ракета жана учкучсуз учактарды колдонуу менен бир катар чабуулдарды жасаган.

Хуситтердин лидери Абдел Малик аль-Хуси бейшемби күнү Кошмо Штаттар Йеменди бир айдын ичинде  учактар ​​жана согуштук кемелерден 900дөн ашык жолу бомбалады.