АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү: учурда Вашингтон согушкерлердин колуна канча аскердик техника өткөнүн так эсептеп жатат.

АКШ бийлиги Вашингтон тарабынан Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө берилген америкалык канча аскердик техника жана курал-жарак талибтердин колуна өткөнүн эсептеп көрүүгө аракет кылып жатат.

Бул тууралуу CBS телеканалы АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливанга шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, «Талибан» миллиарддаган долларлык аскердик техникаларга ээлик кылып калды.

«АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жөнөтүлгөн жана талибтердин колуна тийиши мүмкүн болгон бардык коргонуу каражаттарын эсептөөнүн үстүнөн иштеп жатат», –  деди Салливан.

Талибандын карамагына куралдардан тышкары америкалык «Блэк Хоук» тик учактары да өткөнү белгилүү.

Эске салсак, 14 -апрелде АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандагы операцияны аяктоо чечимин жарыялаган. Андан сон радикалдуу “Талибан” кыймылы масштабдуу операцияларды баштап, 15-августта өлкөнүн борбор шаары Кабулга кирген.

Ооган президенти Ашраф Гани кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Учурда анын БАЭде экени белгилүү болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *