АКШ жана союздаштары Израил менен “Хезболланын” ортосунда 21 күндүк ок атышууну токтотууга чакырышты

АКШ, Франция жана алардын айрым союздаштары Израил менен “Хезболланын” ортосунда 21 күндүк ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырып, Газадагы элдешүүнү колдоорун билдиришти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Ливан боюнча чукул жыйынынан кийин шаршемби күнү Ак үй тараткан биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Билдирүүгө АКШ, Австралия, Канада, Евробиримдик, Франция, Германия, Италия, Япония, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Улуу Британия жана Катар кол коюшту. Алар Израил менен Ливандын өкмөттөрүн ок атышууну убактылуу токтотууну токтоосуз бекитүүгө чакырышты.

— Ливан менен Израилдин ортосундагы 2023-жылдын 8-октябрынан бери түзүлгөн кырдаал чыдагыс жана кеңири аймактык эскалациянын кабыл алынгыс коркунучун жаратат. Бул эч кимдин, Израил элинин да, Ливан элинин да таламдарына жооп бербейт. Биз бардык тараптарды, анын ичинде Израил менен Ливандын өкмөттөрүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №1701 резолюциясына ылайык, ушул мезгилге карата убактылуу ок атышпоону тез арада бекитүүгө жана дипломатиялык жол менен чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз», — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

“Биз бул талкууларды бир топ убакыттан бери жүргүзүп келебиз”, – деп кийинчерээк Reuters агенттигине АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү Вашингтон жана анын союздаштары бул сүйлөшүүлөрдү 21 күндүк ок атышууну токтотуу мезгилинде кеңири келишимге айландыруу ниетин кошумчалады.

Бул 21 күндүк мөөнөт ичинде Ливанда дипломатиялык мейкиндиктин ачылышы Газа тилкесинде бир нече айдан бери ишке ашпай келе жаткан ок атышууну токтотуу үчүн мейкиндикти ачат деген үмүт бар.

Израилдин БУУдагы өкүлү бул чакырыкты кубаттап, Израил кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүнү артык көрөрүн билдирди. Бирок ал эгер келишим израилдик тургундардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келишине мүмкүндүк бере турган шарттарга жооп бербесе, Израиль күч колдонуудан тартынбасын эскертти, деп жазат The Times of Israel.

Басылма бул сунушка Израил менен Ливан жакынкы сааттарда жооп бериши күтүлүп жатканын, Иран болсо “Хезболлага” толук колдоо көрсөтүүгө убада бергенин белгилеген.

Израил менен “Хезболланын” ортосундагы салгылашуу акыркы жумада кескин курчуп, бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагы согуштун босогосунда турат.

Комментарий жиберүү