АКШ Иран боюнча Кытайдан жардам сурады

Американын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кытайдан Иранды Ормуз куймасына бөгөт койбоого ынандырууга чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде Вашингтон Кытай бийлигин Иранды Ормуз куймасын жаап салбоого ынандырууга чакырып жатканын билдирди. Ал Пекин өзү да бул өтө маанилүү деңиз жолуна көз каранды экенин баса белгиледи, анткени ал аркылуу, анын ичинде, Кытайдын өзүнө да мунай ташылат.

«Мен Пекинде отурган кытай өкмөтүн аларга (Иран жетекчилигине – ред.) телефон чалууга чакырам», – деди Рубио.

Буга чейин Иран парламенти дүйнөлүк мунай ташууларынын бештен бири өтүүчү Ормуз куймасын жабуу үчүн добуш берген. Бул боюнча акыркы чечимди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл алат.

Энергетикалык коопсуздук боюнча эксперт Игорь Юшковдун пикиринде, эгер Иран Ормуз куймасын жаап салса, АКШ аны ачууну көздөйт. Ал ошондой эле Вашингтон Иран жетекчилигин жок кылууга аракет кылышы мүмкүн экенин да божомолдоду.

Мурдараак БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге жасаган соккулары бүт дүйнө үчүн түз коркунуч экенин билдирген. Ал бул жаңжал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенине, миллиондогон адамдардын өмүрү коркунучта экенине көңүл бурган.