АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Тегеранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ирандын өзөктүк программасы боюнча 12-апрелге пландалган Омандагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизди.

АКШнын Каржы министрлиги 9-апрель күнү Ирандагы беш юридикалык жана бир жеке жакка, анын ичинде центрифуга чыгаруучу менен келишим түзгөн компанияларга санкция киргизгенин билдирди. Центрифугалар уранды байытуу үчүн колдонулат.

Каржы министри Скотт Бессент Финансы министрлиги Ирандын өзөктүк программасын жана дестабилдештирүүчү кеңири күн тартибин алдыга жылдыруу аракетине бөгөт коюу үчүн куралдарын жана ыйгарым укуктарын колдонууну улантат деди.

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бөлүмү ошондой эле БАЭде жайгашкан эки мекемеге жана Индияда жайгашкан эки мекемеге Иран мунай затын “ташууга” айыптап, санкция салды.

12-апрелде Оманда АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу параметрлерин талкуулоо пландалууда. Ак үйдүн ырастоосу боюнча түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, ал эми Тегерандын ырастаганы боюнча ортомчулар аркылуу кыйыр түрдө жүргүзүлөт. Америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф, ал эми Иран делегациясын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектейт.

Тегеран келечекте келишимден чыгууну чечиши мүмкүн болгон тарапка каршы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн документке киргизүүнү сунуштап, Биргелешкен комплекстүү аракеттер планын аягына чыгарууну талап кылууда.

2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.

Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидерине кат жолдоп, Тегеран менен өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүнү артык көрөрүн айтып, келишимге жетишилбесе аскерий жооп кайтаруу менен коркуткан. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран жооп катында өзөктүк программа маселеси боюнча АКШнын түз сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын, үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен гана кыйыр сүйлөшүүлөргө жол ачык экенин билдирген.