Түштүк Калифорниянын миңдеген тургундарына Лос-Анжелес округунун түндүгүндөгү тоолордо Кастайк шаарына жакын аймакта жаңы, көзөмөлдөөөгө мүмкүн болбой жаткан “Хьюз” өртүнөн улам жашоочуларды үйлөрүнөн эвакуациялоого буйрук берилди.
«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык телеканалдар шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча Лос-Анджелес округунун түндүгүндөгү тоо этектеринде жана тоолорунда Кастайк шаарына жакын жерде өрт өчүрүүчүлөр көзөмөлдөн чыккан “Хьюз” өртүнө каршы күрөшүп жаткан Түштүк Калифорниянын миңдеген тургундарына шаршемби күнү эвакуациялоого буйрук берилди.
Лос-Анжелестин өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, өрт эки сааттын ичинде 5000 гектардан ашык аянтка жайылып кеткен жана Кастайк көлүнүн жанындагы тургундар милдеттүү эвакуациялоо буйругун алышкан.
Белгилей кетүүчү жагдай, Жаңы жылдын алгачкы күндөрү башталган Лос-Анжелестеги өрттүн чыгымы алдын ала эсептөөлөр боюнча 275 млрд. АКШ долларына барабар болууда. Бул Американын үч жылдан бери орус-украин жаңжалындагы Украинага көрсөткөн аскердик жардамына барабар.
Ал эми тилсиз жоонун курмандыктарынын саны 24 адамга жеткен. Адистер өрттүн кесепетин жоюу иштери ондогон жылдарды талап кылышын айтышууда.