АКШ Ооганстандан чыгарылып кеткен учактарды Өзбекстанга калтырат. Ага Талибан каршы чыкты

Өзбекстан менен АКШнын бийликтери 2021-жылы августта “Талибан” Кабулду басып алгандан кийин Ооганстандан Өзбекстанга учуп келген аскердик учактар менен тик учактардын тагдыры боюнча макулдашууга жетишти.

Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник билдиргенин өзбек ЖМКлары жазды.

Элчи учактар Өзбекстанга берилерин айтып, тараптар бул багытта биргелешкен тиешелүү программаны ишке ашырууга киришкенин билдирди.

Хеник бул техникалар эч качан оогандык болгон эместигин, америкалык болгонун эске салды.

«Алар (ооган армиясы – ред.) аны (техникаларды – ред.) колдонушту, бирок алардын ээси ар дайым биз болуп келгенбиз», – деди дипломат.

Талибан Ооганстанга таандык мүлктөрдүн башка бирөөлөргө берилишине каршы

Талибан кыймылы учактар менен тик учактардын Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдирди.

“Өзбекстандагы ооган авиациялык техникасы боюнча кандай гана келишимдер болбосун, биз үчүн кабыл алынгыс”, — деп жазылган Ооганстан өкмөтүнүн Улуттук коргонуу министрлигинин Х соцтүйүнүндөгү баракчасына жарыялаган билдирүүдө.

“АКШнын Ооганстанга таандык мүлктөрдү конфискациялоого жана башка бирөөлөргө берүүгө укугу жок”, — деп билдиришти кыймылдын өкүлдөрү.

Талибан Өзбекстандын өкмөтүнө кайрылып, “бул сыяктуу келишимдерден алыс болууга”, “ынак коңшулук мамилелерди чагылдырган чечимдерди кабыл алууга” жана Ооганстанга таандык учактар менен тик учактарды Кабулга “кайтаруу боюнча кызматташууга” чакырды.

Ооган басылмаларынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын августунда талибдер бийликке келгенге чейин Ооганстанда 164 согуштук учак болсо, азыр алардын саны – 81. Үч жыл мурун ооган учкучтары учактардын жана тик учактардын бир бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстанга чыгарып кетүүгө жетишкен.

Анда бортунда 585 ооган аскери менен 22 аскердик учак жана 24 тик учак (Embraer EMB 314 Super Tucano, UH-60 Black Hawk, MD-530, PC-12 жана Mi-17) Өзбекстандын аба мейкиндигин кесип өткөн.

Талибандын өкүлдөрү бул учактар менен тик учактар Ооганстандын менчиги экенин, кайра кайтарылышы керектигин бир нече жолу билдиришкен. Буга жооп катары расмий Ташкент алар АКШнын менчиги экенин жана аларды кайтарып берүүгө болбой турганын айткан. Өзбек расмийлеринин бул сөзүн кийинчерээк америкалык расмий өкүлдөр да ырасташкан.

Комментарий жиберүү