Тайвань АКШдан HIMARS системаларын, ATACMS ракеталарын, дрондорду, тик учактардын запастык бөлүктөрүн жана башка жабдууларды алат.
Бул арал үчүн эң ири курал-жарак келишими деп жазат kommersant.ru агенттиги.
“Тайвань кысыгындагы жана Инди-Тынч океан аймагындагы тынчтык жана туруктуулук эл аралык коомчулуктун коопсуздугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн абдан маанилүү”, – деди Тайвань өкмөтүнүн өкүлү Карен Куо.
Пентагондун Коргоо коопсуздук кызматташтыгы агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, АКШ Тайванга 4,03 миллиард долларга M107A7 өзү жүрүүчү куралдарын жана ага байланыштуу жабдууларды сатууну бекиткен.
Пакетке 82 HIMARS системасы жана 4 миллиард доллардан ашык суммадагы 420 ATACMS ракетасы боюнча сегиз келишим, ошондой эле дагы 4 миллиард долларлык 60 өзү жүрүүчү гаубица жана ага байланыштуу жабдуулар кирген.
“Сатууга ошондой эле 375 миллион долларга бааланган Javelin системалары, 1,1 миллиард долларга бааланган ALTIUS-700M жана ALTIUS-600 учкучсуз учуучу аппараттары, 4,05 миллиард долларга бааланган HIMARS көп жолу атуучу ракета системалары жана башка аскердик жабдуулар кирет”,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Тайвань 1 миллиард долларлык дрондорду, 1 миллиард долларлык программалык камсыздоону, 700 миллион долларлык Javelin жана TOW танкка каршы ракеталарын, 96 миллион долларлык тик учактардын запастык бөлүктөрүн жана 91 миллион долларлык Harpoon ракетасын жаңыртуу комплекттерин алат.
Мамлекеттик департамент бул курал-жарактар АКШнын улуттук, экономикалык жана коопсуздук кызыкчылыктарына кызмат кылаарын, Тайвандын коопсуздугун чыңдоого жардам берерин жана аймактагы саясий туруктуулукту, аскердик тең салмактуулукту жана экономикалык прогрессти сактоого салым кошоорун билдирген.
Мурда Тайвандын премьер-министри Лай Циндэ Тайвань АКШдан курал-жарак сатып алуу үчүн кошумча 40 миллиард долларлык аскердик бюджет түзөрүн жарыялаган. Ал администрация коргонуу бюджетин 2026-жылы ИДПнын 3%ына чейин жана 2030-жылга чейин ИДПнын 5%ына чейин көбөйтүүнү пландап жатканын билдирген.
Кытайлык аскердик эксперттердин айтымында, акыркы жылдары Американын Тайванга аскердик жеткирүүлөрүнүн көлөмү 70 миллиард доллардан ашты.
Маалымат каражаттары жазгандай, бул Трамп Ак үйгө кайтып келгенден берки Тайванга экинчи курал-жарак сатуу. АКШ муну Кытайдын Тайванга карата аскердик жана дипломатиялык кысымынын күчөшүнүн шартында жарыялаган.
Realtribune.ru агенттиги 2024-жылдын октябрь айында АКШ Тайванга 2 миллиард долларлык курал-жарак сатууну бекиткенин жазган. Тайвандын президенттик аппараты курал-жарак саткандыгы үчүн Вашингтонго ыраазычылык билдирген. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин ошол кездеги билдирүүсүнө ылайык, бул Байден администрациясы тарабынан бекитилген 17-курал-жарак пакет болгон.