Трамптын чечими согуштук аракеттерге кандай таасир этээри белгисиз бойдон калууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотууну буйруду. Ал Украинанын жетекчилиги “тынчтыкка умтулганын” далилдемейинче жардам берилбей турганын билдирди. Бул чечим Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусунда чыккан кайым айтышуудан кийин кабыл алынганын америкалык ММКлар жазууда.
“Президент тынчтыкты көздөйт. Биз өнөктөштөрүбүздүн да ушул максатка берилгендигин көрүшүбүз керек. Ошондуктан биз жардамды токтотуп, анын кандай максатта колдонуларын кайра карап чыгабыз”, – деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү.
Трамп өзү бул чечимге байланыштуу расмий комментарий бере элек, ошондой эле Ак үйдөн дагы расмий маалымат таратылган жок.
Bloomberg жана Fox News маалыматтарына ылайык, АКШ жардамды белгисиз мөөнөткө чейин токтотот жана бул чечим Зеленский “тынчтыкты камсыз кылуу боюнча олуттуу кадамдарды” жасамайынча өзгөрүлбөйт.
Fox News: “Бул жардамдын толугу менен токтотулушу эмес, жөн гана убактылуу токтотуу” – деп билдирет Ак үйдүн өкүлү.
Bloomberg маалымдагандай, чечим АКШнын Украинага жөнөтүлө элек аскердик техникаларына, анын ичинде жолдо келе жаткан жана Польша аркылуу өтүшү керек болгон жабдууларга да тиешелүү.
Андан ары эмне болот?
CNNдин америкалык аткаминерлерге шилтеме берип жазганына караганда, АКШ Украинадан белгилүү бир аракеттерди күтүп жатат. Балким, бул Зеленскийдин Трамптан “коомчулук алдында кечирим суроосу” болушу мүмкүн.
Bloomberg: “Бул жардамдын убактылуу токтотулушу – Украинага кысым көрсөтүү стратегиясынын бир бөлүгү”, – дейт АКШнын расмий өкүлү.
Зеленскийдин айтымында, ал Трамптан кечирим сурабайт, бирок АКШ менен мамилени улантууга даяр. Ал Украинанын тынчтыкка умтулуп жатканын бир нече жолу кайталап, согушту токтотууну каалай турганын белгилеген.
“Биздин дипломатияны мүмкүн болушунча натыйжалуу кылуу абдан маанилүү. Бизге чыныгы тынчтык керек, анткени согуш биздин шаарларды кыйратып, адамдардын өмүрүн алууда”, – деди Зеленский 3-мартта, АКШдан колдоо күтөөрүн билдирип.
Трамп буга чейин Зеленскийдин “Россия менен тынчтык келишими азырынча алыста” деген сөздөрүнө катуу реакция жасаган. “Бул – Зеленский айта турган эң жаман сөз болду. Америка муну узакка чыдап карап турбайт”, – деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.
Ал ошондой эле 4-мартта Киев менен минералдык ресурстар боюнча келишимге байланыштуу жаңыртылган маалыматты жарыялай турганын билдирди. Зеленский Украина бул келишимди кол коюуга даяр экенин эки күн мурда билдирген.
Wall Street Journal 3-мартта америкалык жана мурдагы аткаминерлерге шилтеме берип, АКШнын администрациясы Украинага жаңы аскердик жардамдын каржылоосун токтотконун жана АКШнын кампаларынан курал-жарак жөнөтүүнү да убактылуу токтотууну караштырып жатканын билдирди.
Жаңы аскердик жардамдын каржылоосу акыркы апталарда Ак үйдүн чет өлкөлүк жардамдарды тоңдуруу аракеттеринен улам токтогон.
Эгерде жаңы аскердик жабдуулар жеткирилбесе, Украинанын учурдагы курал-жарагы менен согушту ушул калыпта алып барууга болгон мүмкүнчүлүгү болжол менен жылдын ортосуна чейин жетет.
CNN: “Бул курал-жарак жетишсиздигинен улам түзүлгөн боштукту Европанын өзү толук жаба албайт”, – деп белгилейт АКШнын расмий өкүлү.