АКШ Украинага курал жана ок-дарыларды жеткирүүнү токтоткондон кийин, АКШ Коргоо министрлигинин (Пентагондун) өкүлү Шон Парнелл мындай деди:
«Америка Кошмо Штаттары дүйнөнүн бардык мамлекеттерине курал жөнөтүүнү уланта албайт, анткени биринчи кезекте өзүнүн коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына кам көрүшү керек».
Парнелл белгилегендей, президент Дональд Трамп жана коргоо министри Пит Хегсет мурда пландалганына карабастан Украинага берилбей калган курал-жарактын тагдырын чечишет. «Кайсы курал качан токтотулганын жана эмне берилерин азырынча так айта албайм», — деди ал.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келлинин айтымында, Украинага айрым маанилүү куралдардын түрлөрүн жеткирүүнү токтотуу чечими Пентагондун анализинен кийин кабыл алынган жана АКШнын кызыкчылыктарын артыкчылыкка коюу максатын көздөйт.
Ошол эле учурда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэмми Брюс бул тууралуу тарап кеткен кептерди четке кагып, мындай деди: «Биз Украинага аскердик жабдыктарды жеткирүүлөрдү толугу менен токтоткон жокпуз, токтотуу бир гана өзгөчө кырдаалга тиешелүү болгон».
Ирандагы өзөктүк объекттерге болгон АКШнын соккуларына байланыштуу Пентагондун өкүлү:
«Бул чабуулдардан кийин Ирандын өзөктүк программасы 1–2 жыл артта калды. Азыр Иран өзөктүк куралга мурдагыга караганда алысыраак», — деп билдирди.
Иран Катардагы америкалык базага жооп иретинде чабуул койгондон кийин Парнеллден бул кырдаал АКШнын ок-дарылар коруна кандай таасир эткени суралганда, ал мындай деп жооп берди:
«Биз ар дайым ок-дарыларыбыздын корун жана анын колдонулуш багыттарын карап чыгабыз. Биз дүйнөнүн баарына курал менен жардам бере албайбыз. Биздин негизги милдет — АКШнын жана биздин күчтөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу».
Министрликтин өкүлү белгилегендей, Пентагон АКШ курал-жарактарын бөлүштүрүүнүн жаңы схемасын иштеп чыгууда:
«Мурунку президент Жо Байдендин төрт жылдык башкаруу мезгилинде биз курал жана ок-дарыларды алардын көлөмүн ойлонбостон тараттык», — деди ал.
Сириядагы америкалык аскерлер боюнча Парнелл:
«Сирияда болжол менен 1500 жоокерибиз бар, бирок алардын макамы тууралуу комментарий бере албайбыз. Президент Трамп мурда айткандай, биз Сириянын келечегине үмүт менен карайбыз», — деп билдирди.
АКШда курал жана ок-дарылардын кору тез азайып жатканына байланыштуу Пентагон Украинага айрым зениттик ракеталар менен жогорку тактыктагы ок-дарыларды жеткирүүнү токтотту.
Бул чечимди коргоо министринин орун басары Элбридж Колби Пентагондун кампасынын абалын анализдегенден кийин кабыл алган. Ал артиллериялык снаряддар менен жогорку тактыктагы ок-дарылардын корунун кескин азайып кеткенин көрсөткөн. Байдендин администрациясы убагында убада кылынган куралдардын айрым жеткирүүлөрүн токтотуу боюнча алгачкы кадамдар июнь айынын башында башталган.
Politico басылмасынын маалыматына караганда, бул чечим Россиянын Киевге жана башка аймактарга ракеталык жана дрон чабуулдары күчөгөн шартта кабыл алынган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский мурдараак билдиргендей, АКШдан Киевге жөнөтүлүүгө тийиш болгон 20 миңден ашуун дронго каршы ракета Жакынкы Чыгышка багытталган.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет буга чейин Вашингтон Украинадагы согушту токтотууга умтуларын жана 2026-жылдагы бюджетте Украинага аскердик жардам кыскартыларын айткан.
Президенттик шайлоо өнөктүгүндө Дональд Трамп АКШнын Украинадагы согушка катышуусунун көлөмүн бир нече жолу сынга алып, Европадагы союздаштар бул маселеде финансылык жүктүн көбүн өзүнө алышы керектигин сунуш кылган. 2022-жылдан бери АКШ Украинага жалпысынан 175 млрд доллар жардам көрсөткөн, анын 61,4 млрд доллары аскердик жардам болгон.