АКШ өзөктүк энергия жагынан Кытайдан артта калды

Кытай  өзөктүк энергия боюнча АКШдан 15 жылга озуп кетти. 

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана инновациялар фондунун (Information Technology & Innovation Foundation) жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат.

Мамлекеттик каржылоонун, тез курулуштун жана масштабдуу экономиканын аркасында Кытай өзөктүк энергетиканы АКШдан тез өнүктүрүүдө.

Кытайда 27 атомдук реактор курулууда, алардын орточо курулуш мөөнөтү жети жылга жакын. Бул башка өлкөлөргө караганда бир топ ылдам болуп саналат.

Дүйнөдөгү атомдук электр станцияларынын эң чоң паркы АКШга таандык. Бирок АКШ Грузиядагы эки ири электр станциясы 2023-2024-жылдары ишке киргенден кийин бир нече жылдарга кечиктирилип, бюджеттик миллиарддаган долларларды сарптагандан кийин эч кандай өзөктүк реакторлорду курбайт.

Америкалык институттун кызматкерлери Ак үй кымбатчылыктан улам өзөктүк технологияларды өнүктүрүүнү токтотуу чечимин кабыл алганын белгилешти. Алардын айтымында, бюджеттин тартыштыгы Юта штатындагы лабораторияда жогорку технологиялуу өзөктүк компоненттер заводунун курулушун токтотту.

Өткөн жылы Кытайда дүйнөдөгү биринчи төртүнчү муундагы жогорку температурадагы реактор ишке киргизилген.

Комментарий жиберүү