Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак Үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин X социалдык тармагында АКШга ишенүүгө болбостугу тууралуу үч жыл мурун жазган сөздөрүн эске салып, аны менен кайра бөлүштү.
2022-жылдын 1-мартында Хаменеи Х баракчасында билдирүү жасап, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча Батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна үмүттөнүүнү мираж деп атап, АКШ менен Европага ишенүүгө болбостугун билдирген.
“Украинадагы кырдаалдан алынган биринчи сабак – Батыш державаларынын алардын марионеткалары болгон өлкөлөр менен өкмөттөрдү колдоосу – мираж. Муну бардык өкмөттөр түшүнүшү керек. АКШ менен Европага үмүт арткан өкмөттөр Украинанын азыркы абалын көрүшсүн. 2022-жыл 1-март”, – деп айтылат Хаменеинин украин тилинде жарыяланган билдирүүсүндө.
Эске салсак, 28-февралда Вашингтонго Украинанын кен байлыктарын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюу үчүн келген өлкө президенти Владимир Зеленскийдин АКШ лидери Дональд Трамп жана вице-президенти Вэнстин ортосунда талаш-тартыш жаралып, Зеленский жолугушуу бүтө электе эле залдан чыгып кеткен.