Бүгүн, 11-апрелде Антальяда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу болду.
Жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана союздаштык мамилелер бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканына канааттануу билдирилип, эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.
Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелер, Түштүк Кавказдагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары, Азербайжан менен Түндүк Кипрдин тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Тахсин Эртугрулоглу Антальядагы дипломатиялык форумдун алкагында жолугушуп, Кипр маселесин талкуулашты.