Иран жана Түркиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Ибрахим Раиси телефон аркылуу аймактагы кырдаалды, анын ичинде Израилдин палестиналыктар каршы жасаган акыркы аракеттерин талкуулашты, деп жазат Fars News агенттиги.
Маалыматта белгилегендей, эки өлкөнүн президенттери Израилдин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитиндеги аскердик аракеттери, Газа тилкеси менен Ливандын түштүгүнө жасаган чабуулдары тууралуу сүйлөштү.
Иран президенти Израилдин Палестина элине каршы жасаган акыркы кылмыштарын айыптап, Израилдин зулумдарына каршы күрөшүү жолдорун талкуулоо үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды.
Раиси чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн урматтоо зарылдыгын баса белгилеп, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүүнүн эң маанилүү жолу – аймак өлкөлөрүнүн улуттук эгемендигин колдоо деп эсептеди.
Түркиялык Daily Sabah басылмасынын маалыматына караганда, Эрдоган Израилдин Аль-Акса мечитине жасаган чабуулун айыптап, Палестинада эскалациянын жаңы айлампасын болтурбоо үчүн “акылга сыярлык мамиле” жасоо зарылдыгын белгиледи.
Түрк лидери ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында ыйык жайлардын статусун коргоо боюнча биргелешкен кадамдарга барууга чакырды.
Эске салсак, 4-апрелден 5не караган түнү Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда ондогон палестиналык жарадар болгону белгилүү болгон.
Израиль полициясы Аль-Аксадагы рейдден кийин 350 палестин кармалганын билдирген.
Израилдин аракеттери буга чейин бир катар өлкөлөр анын ичинде Иордания, Египет, Иран жана Түркия тарабынан айыпталган. Мусулмандар үчүн анын мааниси азыр болуп көрбөгөндөй жогору, анткени мечитке кол салуу ыйык Рамазан айында болду.
Израиль аскерлери мечитке бастырып кирип, ал жердеги палестиналыктарга кол салып, аларга каршы жарык-үн чыгаруучу гранаталарды, уулуу газ, желим окторду жана дубинкаларды колдонушкан.
Иран дароо эле Израиль полициясынын Аль-Акса мечитине жасаган чабуулун катуу айыптаган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани Израилдин күчтөрүнүн аракеттерин адам укуктарына каршы кылмыш деп атаганын ИРНА агенттиги маалымдады.
«Сионисттик режимдин аскерлеринин палестиналык зыяратчыларга жана мечиттеги динчил адамдарга ырайымсыз кол салуусу бул режимдин адам укуктарына каршы кылмыштарынын ырайымсыз мүнөзүн дагы бир жолу бүткүл дүйнөнүн көз алдында көрсөттү», – деп жазган ал Твиттердеги баракчасына.
Ал эми Анкара Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Аль-Акса мечитиндеги аракеттерин айыптап, аларды кабыл алынгыс деп эсептеген. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылганын Anadolu жазган.
Тышкы иштер министрлиги мусулмандардын ыйык Рамазан айында динчилдерге кол салууну кабыл алынгыс деп атап, Израилди кырдаалды курчутуучу кадамдардан баш тартууга чакырды.Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Израиль «Иерусалимдин тарыхый статусун күч менен өзгөртүүгө аракет кылууда» деген.