40 жылдан ашуун убакыттан бери Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнүн белгилеп келишет.
Бул күн Иран Ислам революциясынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген.
Бул күндү утурлай Ирандын бардык шаарларында жүз миңдеген адамдар Палестина элине тилектештигин билдирип, Израилдин аракеттерин айыптап, жөө жүрүшкө чыгышты.
Видеоплеер
00:00
00:00
Бүгүнкү жүрүшкө эл менен катар Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана башка бир катар жогорку даражалуу расмий адамдар да чыкты.
Акциянын катышуучулары колдоруна Иран менен Палестинаны желектерин көтөрүп чыгып, палестиндерди колдогон, Израилди айыптаган ураандарды чакырышты.
Күн мурун Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи телеберүү аркылуу элге кайрылуусунда Аль-Кудс күнү Иран улутунун сыймыгы экенин айтып, соңку кырк алты жылдан бери Иран эли Кудс майрамындагы жүрүштөргө ар кандай аба ырайынын шарттарында да катышып, мындай жүрүштөр бир гана чоң шаарларда эмес, кичи шаарларда жана айылдарда да өткөрүлүпр келерин белгиледи.
Ал быйылкы Кудс майрамындагы жөө жүрүштүн мурунку жылдарга караганда маанилүүлүгүн белгилеп быйылкы жүрүш акыркы жылдардагы эң даңктуу жана эң татыктуу жүрүштөрдүн бири болоруна үмүт арткан.