Америкалык белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Дүйнөгө белгилүү америкалык актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдүн жээгинде учурашып, кыскача баарлашты.

Стивен Сигал – америкалык актер, продюсер, сценарист, кинорежиссер, музыкант жана Айкидо чебери (7-дан). 2016-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Кийинчерээк ал “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” партиясына кошулуп, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Россия менен АКШнын ортосундагы гуманитардык мамилелер боюнча атайын өкүлү болгон (2018-жылдан бери).

Комментарий жиберүү