Америка сириялык 33 мунай танкерин уурдап кеткен

 Сириянын маалымат булактары бул өлкөнүн 33 мунай танкери америкалык баскынчылар тарабынан уурдалып, Иракка контрабандалык жол менен ташылганын кабарлады.

Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, Американын баскынчы күчтөрү Сириянын мунай затын уурдоо саясатын улантууга ылайык, акыркы бир нече саатта бул өлкөнүн уурдалган мунай затын ташыган бир нече танкерди мыйзамсыз жолдор аркылуу Иракка жеткиришти.

Сириянын расмий маалымат агенттиги (SANA) бул кабарды жарыялады: “Али-Арабия” четиндеги жергиликтүү булактар ​​Америка баскынчыларынын Аль-Жазира мунай кендеринен жана Шаркия аймагынан уурдалган мунай ташыган 33 танкерди ташуудагы аракеттерин кабарлашты.

 Бул уурулук америкалык күчтөр ушул май айынын башында мыйзамсыз Аль-Махмудие өткөөлү аркылуу уурдалган мунай ташыган 34 танкерди жана дагы 40 танкерди мыйзамсыз Аль-Валид өткөөлү аркылуу Иракка алып өткөн маалда болгон.

 Дамаск америкалык баскынчылар тарабынан өлкөнүн мунай затын уурдоо уланып жатканына бир нече жолу реакция кылып, Сириянын мунай жана улуттук байлыгын талап-тоноо эл аралык гуманитардык мыйзамдарга каршы келерин баса белгиледи.

Сирия Американы террорчулукту жана жикчил куралдуу топторду колдоону токтотууну жана Сириядан дароо чыгып кетүүнү бир нече жолу эскертти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *