«Ансар Аллах»:  Йеменге кол салуу Батыштын эки жүздүүлүгүн ашкерелейт

Америка жана сионисттик режимдин Йемендеги жарандык буталарга жасаган аба соккулары Батыштын эки жүздүү позициясын көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Ансар Аллах» саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бахити билдирди.

«АКШ менен Израилдин Йемендин жарандык инфраструктурасын бомбалоосу Батыштын эки жүздүүлүгүн ашкерелд»,-   деди ал-Бахити. Газага колдоо көрсөткөн аскердик операцияларыбыз уланат жана Газадагы геноциддик кылмыштар токтогонго чейин күчөшүнө күчөшү менен жооп беребиз»,-деди.

«Ансар Аллахтын»  саясий бюросунун мүчөсү баса белгилегендей, Палестина элине каршы геноциддик кылмыштар токтоп, Газа тилкесине азык-түлүк, дары-дармек жана күйүүчү май ташып кирүүгө уруксат берилмейинче Газаны колдоо улантыла берет.

Өткөн түнү жана бейшемби күнү эртең менен Америка жана сионисттик режим Йемендин ар кайсы аймактарына абадан сокку урду.