Газа тилкесинде гуманитардык абал күндөн-күнгө оорлоп, ачарчылыктан адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Израилдин блокадасынан улам азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгы күчөп, эл аралык коомчулук абадан гуманитардык жардам таштоого аргасыз болду.
Биринчи жардам жеткирүүлөр
Газага абадан гуманитардык жардам таштоону Иордания менен Бириккен Араб Эмираттары 27-июлда баштаган. Бул аракет Израил эл аралык коомчулуктун басымынан кийин макулдук бергенден соң мүмкүн болду. Мындан тышкары, Израил 27-июлдан баштап БУУнун агенттиктери жана башка эл аралык уюмдардан гуманитардык жүк ташыган 200дөй жүк ташуучу унааны Газа тилкесине киргизди.
25
Анын алкагында Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Иордания жана бир катар Европа өлкөлөрү Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) менен биргеликте акыркы бир нече сааттын ичинде Газа тилкесине абадан гуманитардык жардам ташташты.
Атап айтканда, 2-августта Иордания, Египет, Германия, Бириккен Эмирликтер, Франция жана Бельгия Газага асмандан 136 таңгак гуманитардык жардам ташташты.
Испания 24 парашют менен 12 тонна жардам таштады. Тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес бул жардам 11 миң кишиге жетерин билдирди.
Германия абадан 14 тонна азык-түлүк жана медициналык жардам ташталганын билдирди. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Германия баштаган жардам жеткирүүлөр Газа тилкесинде тутанган гуманитардык кризистин масштабына салыштырмалуу “кичинекей” аракет экенин айтып, бирок аны “маанилүү сигнал” деп атады.
Гуманитардык аба көпүрөсүнө Италия дагы 9-августтан тарта кошулууга ниеттенип жатканын өлкөнүн тышкы иштер министри Антонио Таяни билдирди. Ал кошумчалагандай, Рим ошондой эле Газа тилкесиндеги балдарды дарылоо үчүн эвакуациялоону баштоону пландап жатат.
Ачарчылыктын курмандыктары өсүүдө
Газа тилкесинде ачарчылыктан кеминде 175 адам, анын ичинде 93 бала каза болгонун анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Telegram-каналында билдирди. Акыркы 24 сааттын ичинде эле ачарчылыктан жана начар тамактануудан анклавдын ооруканаларында алты жаңы өлүм катталды.
Ведомствонун акыркы маалыматына караганда, 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы кагылышуулардын күчөшүнөн курман болгондордун жалпы саны 60 миң 430га жетип, 148 миңден ашуун адам жаракат алды.
2025-жылдын 2-мартынан бери Газа тилкесине эл аралык гуманитардык жардам кире элек. Израилдин чечими менен бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабык бойдон калууда жана азык-түлүктөр Израиль-АКШ башкарган “Газа гуманитардык жардам фонду” аркылуу таратылууда.
Март айында Израил армиясы январда түзүлгөн ок атышпоо келишимин бузуп, Газа тилкесиндеги согушту кайра баштаган. Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасында жаңжалдашкан тараптар жаңы келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.
Беш айдан кийин күйүүчү май кирди
Беш айдан бери биринчи жолу Газага күйүүчү май ташыган унаалар Египеттен Рафах көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу киргенин Египеттин Al Qahera News телеканалы билдирди.
“107 тонна күйүүчү майы бар эки жүк ташуучу унаа Газа тилкесине кирди”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унааларды киргизүү Египеттин Кызыл Жарым Ай уюмунун көзөмөлүндө болгону белгиленген.
Газа бийлигинин эсептөөлөрү боюнча, тилкенин тургундарынын тамак-ашка, күйүүчү майга, негизги керектөөлөргө жана дары-дармекке болгон минималдуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тилкеге күнүнө гуманитардык жардам жүктөлгөн 600гө жакын жүк ташуучу унаалар киргизилиши керек.
Гуманитардык уюмдар жана палестиналыктар анклавдагы абал оор бойдон калууда деп айтышууда.
23-июлда 100дөн ашык эл аралык гуманитардык уюмдар Газа тилкесинде массалык ачарчылык болушу мүмкүн экенин эскертип, гуманитардык жардам жеткирүүгө чакырышкан.
Газа тилкесине абадан ташталган жардам убактылуу гана жөлөк болушу мүмкүн. Толук кандуу жардам үчүн Израиль блокадасын жумшартып, күн сайын жүздөгөн гуманитардык жүк ташуучу унааларды киргизүүсү керек. Болбосо, ачарчылыктын жана адамдар арасындагы жоготуулардын масштабы өсө бериши мүмкүн.