Аракчи: АКШнын Иранга жасалган чабуулдарга кошулуусу баары үчүн кооптуу болот

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлады.

«Биз дипломатияга кайта алышыбыз үчүн, агрессия токтотулушу керек. Мен Америка менен сүйлөшүүгө бара албайм, эгерде биздин элибиз Америка тарабынан колдоого алынган бомбалоого дуушар болуп жатса.

Тилекке каршы, биз АКШ бул агрессияга башынан эле катышкан деген тыянакка келдик. Алар муну четке кагып, өздөрү муну жасаган эмес деп айтышууда, бирок бизде алардын башынан бери бул аракетке аралашканына далилдер жетиштүү.

Америкалык президенттин маегинен кийин алардын бул ишке жетектөөчү роль ойногону ачык-айкын болду. Тилекке каршы, биз Америка бул агрессияга кошулушу мүмкүн экенин угуп жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү жана менимче, бул бардык тараптар үчүн өтө кооптуу болмок», – деди Арагчи.