Аракчи: Иранда кармалган америкалыктар коопсуз абалда

Иранда камакта турган АКШ жарандары коопсуз бойдон калат, эгерде АКШ менен Израиль түрмөлөргө сокку урбаса, деп билдирди Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи.

«Эгерде АКШ жана Израиль биздин түрмөлөргө кол салбаса, анда алар коопсуз болот деп ойлойм», — деп айтты ал CBS News телеканалына берген маегинде, Иранда камакта калган АКШ жарандарынын тагдыры тууралуу суроого жооп берип жатып.

АКШ жана Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына да сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине сокку урган.

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Израилдин кол салуусун айыптап, тез арада чыңалууну басаңдатууга жана согуштук аракеттерди токтотууга чакырууда.