15-апрелден бери Судан Республикасында армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн (спецназ) ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Анын кесепетинен көп сандаган жай тургундар каза болуп, чет өлкөлүктөр массалык түрдө эвакуацияланып, кырдаал курчуп бара жатат.
Бүгүнкү күндө тараптардын кагылышуусунда каза болгондордун саны 420 жетип, 3700 киши жаракат алды. Мындай маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келтирди.
Ал эми Судандын Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, кагылышуулардан каза болгондордун саны 600гө жетти.
Тез жардам унаалары менен медициналык мекемелерге кол салуулар күчөгөндүктөн, дарыгерлер жарадарларга жете албай жатышат. 20дай оорукана иштебей турат, дагы 12 оорукана дары-дармектердин жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам жабылуу коркунучунда турат.
Армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхандын аскерлери менен анын орун басары Мохаммед Хамдан Дагало (Хамидти) башында турган тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы салгылашуу 15-апрелде башталган. Ага тез аракеттенүүчү күчтөрдү таратуу боюнча Аль-Бурхан кол койгон жарлык себеп болгон.Бийлик тез аракеттенүүчү күчтөрдү козголоңчулар катары таанып, алар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.Тез аракеттенүүчү күчтөр Орозо айт күнү эл аралык ортомчулук менен Судан армиясы менен элдешүүгө макул экенин жарыялашкан. Бирок макулдашуу жетишилбей, Хартумдагы аэропорттун жанында кагылышуулар уланган.
Судандын Тышкы иштер министрлиги республикадагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган өлкөлөргө ыраазычылык билдирди, бирок эл аралык кийлигишүүгө каршы экенин билдирди. Судандагы кагылышуу учурунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза болду. 22-апрелде Кыргызстандын жети жараны учурда Суданда экени белгилүү болду.
“Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет”, — деп билдирген КР ТИМ.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судандагы куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштап, ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон оолак болууну эскерткен. ТИМ элчилик Суданда жүргөн башка кыргызстандыктардын бар-жогун аныктап жатканын, маселе ТИМдин көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.Армия менен спецназдын чыры2019-жылы Суданда аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнүн президенти Омар аль-Башир камакка алынган. Президентти кулатууга кийин Судандын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болгон Абдель Фаттах аль-Бурхан жана жарым аскерлештирилген күчтөрдү – тез аракеттенүүчү күчтөрдү жетектеген Мохаммед Хамдан Дагало (Хамидти) активдүү катышкан. Хамидти деген ат менен белгилүү болгон Мохамед Хамдан Дагало да ал-Баширдин тушунда жана андан кийин бийликте күчтүү позицияга ээ болгон. Өлкөдөгү акыркы эки төңкөрүшкө эки тараптын тең күчтөрү катышкан. Бирок кийин БУУнун ортомчулугу менен бийликти жарандык бийликке өткөрүп берүү жана шайлоо өткөрүү жараянын баштоого макул болушкан.Аль-Бурхан Дагалонун колдоосу менен Судандын убактылуу бийлигин жетектеп, бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү даярдап жаткан.2022-жылдын декабрында аль-Бурхан, Дагало жана демократияны жактаган “Эркиндик жана өзгөртүү күчтөрү” коалициясынын лидерлери келишимге жетишишкен, ага ылайык Судандын аскерлери бийликтен кетип, тез аракеттенүүчү күчтөр Куралдуу күчтөрдүн курамына кирмек. Акыркы макулдашууга апрелде кол коюлушу керек болчу, бирок армия менен спецназ тез аракеттенүүчү күчтөдү Куралдуу күчтөрдүн катарына киргизүү мөөнөтү боюнча пикир келишпестиктер болгон.Жыйынтыгында 15-апрелде Судандын борбору Хартумда жана башка кээ бир шаарларда аскерлер менен спецназдын ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуулар болгон. Спецназдын командачылыгы армия күчтөрү борбордун түштүк четиндеги алардын базаларынын бирин алдын ала эскертпестен курчоого алышканын билдирген. Ал эми армиянын командачылыгы өзүнүн аракеттерин спецназ армия менен эч кандай координацияланбастан бир нече жолу аракеттенгендиги менен түшүндүргөн. Тараптар бири-бирин төңкөрүш жасоо аракети үчүн айыпташкан.

БУУ: Чыр-чатактын кесепеттери катастрофалык болушу мүмкүн24-апрелде батыш, араб жана азия өлкөлөрү Судандан миңдеген жарандарын эвакуациялоону тездешти, ал жерде БУУнун маалыматы боюнча, согушуп жаткан аскердик-саясий күчтөрдүн ортосундагы аскердик тирешүү курчуп кетүү коркунучу күчөп жатат.Ички чыр-чатактын кесепеттери катастрофалык болушу мүмкүн деген БУУнун баш катчысынын сөзүн Reuters агенттиги келтирди. БУУ дүйнөлүк державаларды Судандагы согушуп жаткан күчтөргө “максималдуу таасир” көрсөтүүгө – ок атышууну токтотууга жана тынчтыкты калыбына келтирүүгө чакырды.БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 мамлекеттин өкүлдөрүн өлкөнү демократиялык өнүгүү жолуна кайтаруу үчүн Судан жаңжалынын катышуучуларына таасир этүүгө чакырды. Судандагы кризисти жөнгө салуу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүгүн, 25-апрелге белгиленген.Акыркы күндөрү он миңдеген судандыктар Египет, Чад жана Түштүк Суданга качышты.
