Кыргызстанга биринчи жолу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино келет

Кыргызстанга биринчи жолу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино келет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Инфантинонун Кыргызстанга сапары 4-5-майга белгиленип, анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугат.

ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен президент Садыр Жапаров Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, кеңсенин курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Мындан сырткары, жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет.

ФИФАнын президенти Кыргызстанга келгенге чейин 3-майда Казакстанга бара турганын республиканын футбол федерациясы билдирди.

Тараптар эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча Казакстанда ФИФАнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле Борбордук Азиянын футбол ассоциацияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Бул Инфантинонун Эл аралык футбол федерациясынын жетекчиси катары Казакстанга биринчи сапары болмокчу.

Комментарий жиберүү