Мындан 46 жыл мурун Иранда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлуп, Ислам революциясы жеңишке жеткен.

1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишине арналган он күндүк майрамдар 1-февралдан 11-февралга чейин созулат.

Мындан 46 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Мусави Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген.

Хомейни Иранга келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Ошондуктан 1-февралдан 11-февралга чейинки он күн “Дахе-е Фажр” деп аталып, бул күндөрү Хомейнинин элеси эскерилип, революцияны даңазалаган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, келет.
Ал эми Иранды 38 жыл башкарган Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошол бойдон Иранга кайтып келишкен эмес.

Көп жылдык сүргүндөн кайтып келген Хомейнини Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган.

Ал күнү Аятолла Хомейни “Air France” авиакомпаниясынын 4721 чартердик рейси менен “Boeing 747” учагы менен Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эртең мененки саат 9:27де конгон. Хомейнинин уулу Ахмад жана ишенимдүү шериги Мортаза Мотаххаринин коштоосунда учактан түшүп жаткан тарыхый учурдун сүрөтү бүт дүйнөгө тараган.

Хомейни аэропортто сүйлөгөндөн кийин революция маалында курман болгон демонстранттардын көпчүлүгү коюлган “Бехеште Захра” күмбөзүнө барган.

Миллиондогон жактоочулар анын атын ураан чакырып, жүз миңдеген адамдар анын сөзүн угуу үчүн көрүстөнгө чогулушкан.

Имам Хомейни өз өмүрүн Иран өлкөсүнүн саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун оңолушуна арнап, мамлекетинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алгылыктуу иштерди жасаган.

Ислам революциясынын лидери 1989-жылдын 3-июнунда дүйнөдөн кайткан.