Арыктоо үчүн таблетка иштелип чыкты

Фармацевтикалык Lilly компаниясы орфорглипрон деп аталган таблетканы тааныштырды — бул салмакты азайтуучу Ozempic жана Wegovy сыяктуу кеңири колдонулган ийне түрүндөгү дарыларды алмаштыра алган биринчи дары. Daily Mail маалыматына ылайык, клиникалык сыноолордун акыркы баскычында катышуучулар препаратты тогуз ай колдонгондон кийин орточо эсеп менен 7,2 килограммга арыкташкан.

Бул жаңы дары да инъекция сыяктуу эле GLP-1 рецепторлоруна таасир этет: табитти басат жана курсактын ток сезимин узартат. Бирок ийне сайуудан айырмаланып, таблетканы күнүнө бир жолу, каалаган убакта жана тамак-ашка байланышы жок кабыл алса болот.

Изилдөөгө ашыкча салмагы жана экинчи типтеги кант диабети бар 559 адам катышкан. Катышуучулардын айрымдарында диабет ремиссия абалына өтүп, ал эми 65 пайызында кандагы канттын деңгээли коопсуз чекке чейин түшкөн. Өндүрүүчү орфорглипронду ийнелерге салыштырмалуу чоң көлөмдө жана үзгүлтүксүз чыгара ала турганын белгилөөдө.

Орфорглипрондун семирүүнү дарылоосу үчүн колдонулушуна келерки жылы расмий уруксат берилиши күтүлүүдө. Дарылоонун айрым катышуучуларында тескери эффект болуп, тамакты сиңирүүнүн бузулушу сыяктуу терс таасирлер байкалган, бирок окумуштуулар бул дарылоо ыкмасын семирүү жана диабет менен күрөшүүдө жаңы мүмкүнчүлүк катары карашууда.