Аскар Акаевдин өтүнүчүн Жогорку Кеңеш канааттандырабы?

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберип,  макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген.

А. Акаевдин Жогорку Кеңешке кайрылуусу  коомчулук тарабынан соц. тармактарда катуу талкууга алынып жаткандыктан, “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровдун пикирин уккан.

Президент аталган агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып, Акаевдин бул өтүнүч катына кийлигише албай тургандыгын жана муну Жогорку Кеңеш чечерин билдирди.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова Аскар Акаевдин өтүнүч каты Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн маалымат каражаттарына тастыктаган.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Бул кайрылуу катын бүгүн алдым. Кечээ комитетке келип түшүптүр. Бирок, бул бир күндө эле бүтүп кала турган процесс эмес. Анткени, бул чоң саясий маселе. Азыр биз ойлоп жатабыз, кайрылуу боюнча депутаттардан турган комиссия түзүп, ошол жерде каралышы керек. Маселе 3 пункттан турат экен. Өзүнүн ойлорун айтып, жүйө келтириптир. Мен муну бардык фракция жетекчилерине берем, алар да өздөрүнүн фракцияларында карап чыгышат. Кеңешме түзүлүп, ал үч ай иштейт. Мындан кийин кандай чечим чыгат, бул өзүнчө маселе”,- деп жооп берген.

Жогорку Кеңештин депутаттары эмне дейт?

Марлен Мамталиев:

– Мен азыр чет жактамын, кийинки жумага чейин Кыргызстанга учпаймын. Ошондуктан Аскар Акевдин аргументтерин окуй элекмин.

Бирок жеке оюмча, Аскар Акаев өлкө башчысы катары колунан келе турган иштерди жетишерлик кыла алган жок. Мен биримдиктин ыдырашы ж.б.у.с. бардыгын түшүнөм. Бирок СССРдин курамындагы башка өлкөлөр туура багыт ала алышты жана бүгүн бизден алда канча алдыда экендиги чындык.

Тилекке каршы, анын тушунда башталган коррупция менен бандитизм режими менен бүгүн гана күрөшүп жатабыз. Миллиондогон үй-бүлөлөр ачарчылыкта, миграция, коррупция, бандитизмдин жемине айланды. Мунун баарын убакыт өткөн менен унутууга болбойт. Жеке мен азырынча А. Акаевдин кайрылуусун кабыл алууга даяр эмесмин.

Эрулан Көкүлов:

-Менин жеке пикирим, ар бир адам кылган ишине жооп бериш керек. Аскар Акаевдин эмне үчүн экс-макамын алгысы келип жаткандыгын, эмне үчүн суроо салып жаткандыгына да түшүнүп турам. Анткени, бул адам убагында президент болуп турган учурда Кыргызстандын келечегине көптөгөн салым кошконго мүмкүнчүлүгу бар болчу.

Тилекке каршы ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алган жок. Бирок, анын экс- макамын сурап жаткандыгынын дагы бир себеби бар. Тарыхта өз атын таза калтырып кетүү да максаты болушу мүмкүн.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

Комментарий жиберүү