Афганистандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 800дөн ашты

Афганистандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 800дөн ашып, болжол менен 2,8 миң киши жаракат алды, деп билдирди Pajhwok Afghan News.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кунар провинциясынын Нургал (Мазар-Дара) районунда, ошондой эле Чавкай, Ватапур, Маноги, Чапа-Дара жана айланасындагы аймактарда алдын ала эсеп боюнча 812 адам каза болгон.

«Шашылыш жардам көрсөтүү үчүн урматтуу премьер-министр 100 млн афгани бөлдү, алар азыр колдонулууда. Зарыл болсо, кошумча каражат дагы берилет», — деп билдирди Ислам Эмиратынын расмий өкүлү.

Премьер-министр Мулла Мохаммад Хасан Ахунд кырдаалды көзөмөлдөө үчүн атайын комитет түздү. Ага айылдык аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү министри жетекчилик кылып, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирди.

Жер титирөөнүн күчү 6,0 балл болуп, жекшемби күнү түн ортосунда Афганистандын чыгышындагы төрт провинцияда катталды. Эң көп жабыркаган аймак — тоолуу Кунар, ал жерде жер көчкүлөр жана суу ташкындары болгон. Кырдаалды 5,2 жана 4,7 баллдык афтершоктор дагы татаалдаштырып, жаңы көчкүлөрдү жаратып, алгачкы куткаруу аракеттерин кыйындатты.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн жана афтершоктордун эпицентри Кунардагы Джелалабад шаарынын чыгыш жагында 27 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу болжол менен 8 км. тереңдикте болгон.

Чиновниктер каза тапкандар менен жабыркагандардын саны алдын ала гана экенин, андан ары көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишти. Учурда алыскы айылдар менен байланышууга аракет жүрүп, куткаруу иштери уланууда.

Бул жер титирөө августтун аягында болуп, акыркы эки жылдагы Афганистандагы эң күчтүүсү болуп калды. БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрында батыш Афганистанда 6,3 баллдык жер титирөөдөн 1,5 миңдей адам каза болуп, дагы 2 миңдей киши жаракат алган.