Афганистан өкмөтү аялдар жазган китептер боюнча университеттерде билим берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Британиянын Би-би-си корпорациясы адабиятты текшерүүгө жооптуу комитеттин аты аталбаган мүчөсүнө таянып билдирди.
Жаңы эрежелерге ылайык, аялдар автор болгон болжол менен 140 китеп өкмөттүн саясатына жана шариатка каршы келген 679 басылманын тизмесине киргизилди. «Авторлору аялдар болгон бардык китептерди окутуу процессинде колдонууга тыюу салынат», — деди ал.
Мындан тышкары, университеттерде шариатка каршы келген 18 дисциплинаны, анын ичинде аялдар жөнүндө алты сабакты окутууга тыюу салынды. Ошол эле учурда, Афганистан бийлиги аялдардын укуктарын өлкөдөгү нормалар жана салттар алкагында урматтай турганын билдирүүдө.
Быйыл март айында Афганистандын Журналисттер борбору «Талибан» Кандагар провинциясындагы радиодо көңүл ачуучу программаларда аялдардын үнү чыгышына жана алардын кайрылууларын жарыялоого тыюу салганын билдирген.
2021-жылы Афганистанда бийликти колго алган соң талибдер аялдардын коомдук жайларда чадрасыз (баштан бутка чейин жаап турган кийим) жүрүшүнө тыюу салышкан. Бул чара өлкөдө «исламдык чөйрө түзүү зарылдыгы» менен түшүндүрүлгөн. 2022-жылы талибдердин лидери Хайбатулла Ахундзада кыздардын университеттерде окуусун токтотуп, аялдардын университеттерде, анын ичинде окутуучу катары да жүрүшүнө тыюу салган. Ошондой эле аялдарды бардык улуттук жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарда иштөөдөн четтетүү тууралуу буйрук чыгарган.