Сириянын азыркы лидери, Башар Асаддын бийлигин кулаткан козголоңчулардын башында турган Ахмед аш-Шараа (аль-Жолани) өлкөнүн өткөөл мезгилдеги президенти болуп жарыяланды.
“Ал “өткөөл өкмөт” учурунда мамлекетти башкарат”,- деп билдирди Al Arabiya телеканалы жана жергиликтүү SANA маалымат каражаттары.
“Биз өткөөл мезгилде өлкөнүн президентинин кызматына Сириянын президенти болуп, эл аралык форумдарда анын өкүлү боло турган Ахмед аш-Шараа киришкенин жарыялайбыз”, — деп айтылат Сириянын аскерий операциялар департаментинин билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматта.
Ахмед аш-Шараанын айтымында, “өткөөл мезгилден” кийин шайлоо өтүп, Сириянын туруктуу өкмөтү түзүлөт.
Мындан тышкары, Ахмед аш-Шараа убактылуу мыйзам чыгаруу кеңешин түзүп, ал жаңы Конституция кабыл алынганга чейин иштейт.
Ошондой эле Ахмед аш-Шараа улуттук конференцияны, инклюзивдик өкмөттү жана акыркы шайлоону камтыган саясий өткөөл демилгесин көтөрүүгө убада берди.
Эскерте кетсек, Ахмед аш-Шараа “Мохаммад аль-Жулани” деген ат менен белгилүү. АКШда, башка Батыш өлкөлөрүндө жана Орусияда террордук топ деп таанылган исламчыл “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун башчысы.
Ал 2024-жылдын декабрдын башында Башар Асаддын өкмөтүн өзү башында турган козголоңчулар менен биргеликте кулаткандан кийин өлкөнүн жаңы жетекчилигинин иш жүзүндө башчысы болуп калган.
Сирияны 24 жыл башкарган Башар Асад 2024-жылы 8-декабрда бийлигин таштап үй-бүлөсү менен Орусиядан башпаанек тапкан.